Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

Орусия Европага кол салабы? Гибриддик согуштун карааны


Орусия Европага кол салабы? Гибриддик согуштун карааны
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:24 0:00

Европа чоң согуш болушу ыктымал деген негизде ага даярдык көрө баштады. Кээ бир өлкөлөрдө элге тамак-аш, дары-дармектер, жылуу кийим камдап коюуга кеңеш берилсе, айрымдары армияда милдеттүү кызмат өтөөнү кайра киргизип жатат. НАТО Орусия альянска каршы гибриддик чабуул баштап, андан ары чоң согушка даярданууда деп санайт. Соңку кезде НАТО өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин бузган учурлар Европаны бушайман кылып, Орусиянын алдыдагы оюну кандай деген тынчсызданууга түртүүдө. Батыштын эксперттери белгилегендей, Орусия болгон экономикалык күчүн армияга салып, өзүнүн аскердик күч-кубатын арттырууда. Бирок ошол эле маалда Орусиянын НАТО өлкөлөрүнүн аймагына кирүүгө камданып жатканын көрсөткөн так белгилер жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG