Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:25

Орусия: Мигрант балдардын 90% жакыны мектепке кирбей калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызмат чет элдик мигрант балдардын 87,5% мектепке кабыл алынбаганын маалымдады.

Буга апрелде киргизилген орус тили боюнча тест жана документтерди мыйзамдаштыруу боюнча талаптар себеп болгон. Москвада жашаган кыргызстандык мигранттар да балдарын мектепке киргизе албай жатышканын айтып, жардам сурашууда.

Айласы кеткен ата-энелер

Орусия башкалаасы Москвада жашап, иштеген кыргызстандык мигрант быйыл баласын 1-класска киргизе албай калганын айтып берүудө. Ысымын жашыруун калтырууну өтүнгөн маектешим кызы орус тилин талапка ылайык билсе дагы түрдүү шылтоолор менен мектепке кабыл алышкан жок деп айтууда.

"Менин балам Москвада чоңойгон, бала бакчага барып, орус тилин аябай жакшы билет. Былтыр ушул жактагы мектепке даярдоочу курстарга жиберип, аябай даярдаганбыз. Тамгаларды жаттап, муундап окуйт, жазганы, санаганы баары жакшы. Тили орусча. Апрель айында сынакка катышуу үчүн 3-4 жолу арыз калтырдым, бирок "документтер туура эмес" деген жооп келе берди. Акыркысында оң жооп келип, баламды орус тилин билүүсүн текшерүүчү тестке чакырышты. Бирок тесттен өтпөй калды деп коюшту. Эмне себептен экенин айтышкан жок. Баламдын Орусиянын аймагында мектепке даярдоочу курстан окуганын да эске алышкан жок. Болбосо ошондой балдарга артыкчылык берилет, тест да тапшырбайт дешкен. Иш жүзүндө андай болгон жок".

Кыргызстандык мигранттын айтымында, Москва шаарында балдарын мектепке киргизе албаган 300дөй ата-эне бар. Чогулуп WhatsApp группа ачып алышып, маселени кантип чечүүнүн жолун билбей, колу жеткен жерге кайрылууга аргасыз болуп жатышканын айтып беришти.

Москвада иштеген кыргызстандык дагы бир Жаныбек аттуу мигрант балдардын мектепке кабыл алынбай жатышына орус жарандыгы жоктугу себеп болуп жатканын айтып берди:

"Ала жаздан бери эле чуркап, керектүү деген документтердин баарын чогултуп, кайра-кайра арыз менен кайрылып келе жатабыз. Кыргыздардын балдары ачыгын айтуу керек, башка улуттардын балдарына караганда орусча такылдап сүйлөшөт, кыргызчага караганда да орусчаны жакшы билишет. Менин кызым оюн орус тилинде толук, так түшүндүрө алат. Тамгаларды билет, окуйт, жазат, санайт. Мугалимдер өздөрү деле бизге астыртан "биз кабыл алмакпыз, бирок буйрук ушундай" деп айтышты. Эми башка арга жок, менчик мектепке киргизели деп жатабыз".

"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:49 0:00

Мигранттардын балдарына мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кирүү оңой болбой жаткан чакта, Москванын аймагындагы менчик мектептер да акыны көтөрүп жиберген. Жаныбек кызын айына 35 миң рублден төлөп окутууга аргасыз болуп жатканын айтты.

"Элчилик тийиштүү органдарга кат жөнөттү"

Москва шаарындагы "Каймос" коомдук уюмунун төрагасы Толкунбек Акматов миграцияда жүргөн бир топ таанышы балдарын мектепке киргизе албай, жардам сураганын билдирди:

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

"Мага өзүбүздүн "Каймос" уюмдун төрагасы жана Улуттук курултайдын мүчөсү катары жардам сурап бир нече адам кайрылды. Менден башка элчиликке, консулдукка, диаспора башчыларына да кайрылдык деп атышат. Азырынча жооп боло элек окшойт".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарынын мектепке кире албай калган балдары тууралуу маалыматы бардыгын "Азаттыкка" маалымдады:

"Кыргызстандык жарандардын ичинен орус тилинен тестирлөөдөн өтпөй калгандар тууралуу элчиликке жапырт кайрылуу болбосо дагы, айрым жарандардын арыздарынын негизинде Орусиянын тийиштүү мамлекеттик органдарына элчилик тарабынан тийиштүү каттар жөнөтүлгөн. Учурда орус тилинен тестирлөөдөн өтпөй калган чет өлкөлүк жарандар, алардын ичинде кыргызстандыктар атайын курстардан билим алып, үч айдан кийин кайрадан тапшырууну күтүшүүдө", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.


  • Орусияда быйыл 1-апрелден тартып мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тили боюнча тесттин талаптары күчөгөн. Мисалы, биринчи класска бара турган бала 10 суроонун тогузуна туура жооп бериши керек. Ал эми экинчи класстарга 20 суроо, 6-9-класстарга 22 жана 10-11-класстын балдарына 24 суроо узатылат.

Быйыл апрелде биринчи тесттен өтпөй калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк - орус тили боюнча кошумча даярданып келип, август айында кайра тапшырууга уруксат берилген.

Ата-энелердин WhatcApp группада бөлүшкөндөрүнө караганда, августта да кулап калгандар көп болду.

Баласы орус тилин билгени тууралуу тесттен ийгиликтүү өтсө да, анын ата-энеси Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнү тастыкталышы керек. Ошондо гана бала мектеп босогосун аттай алат.

Биздин маектешибиз Айнурдун айтымында, баласы тесттен өтпөй калган соң, өздөрүн билим берүү департаментинин өкүлдөрү деп тааныштырган бир нече адам жашаган жерине келишкен.

"Департаменттенбиз деп эле кирип келишти. Балаңар тесттен өтпөй калды, эми мындан нары эмне кылат деп тактап жүрөбүз дешти. Мен баламды жеке менчик бакчага мектепке даярдоочу топко кайра киргизеримди, кийинки жылы дагы сынак тапшырууга аракет кыларымды айттым. Каттап жазып алып чыгып кетишти".

Мигранттар Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске алып, Орусия катаал шарттарын жеңилдетсе болбойбу деп суроо салууда.

Баласын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттардын тиркемелердеги тайпаларында жазылган маалыматтарга караганда, сентябрдын онунан соң бир нече баланы тестке чакырган билдирүү келген.

Орус тилин билүүсүн сыноочу тестке чакыруу.
Орус тилин билүүсүн сыноочу тестке чакыруу.

Орусияда дээрлик 90% бала мектепке кирген жок

Орусиянын Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөгөн федералдык кызматы быйыл сентябрда маалымдагандай, быйыл апрелден августка чейин чет элдик жарандыгы бар 23 616 баланын документи тапшырылган. Бирок тестирлөөгө 8 223 бала гана өткөн, калганынын документтери толук эмес деген негизде артка кайтарылган. Анын арасынан тестирлөөгө болгону 5 940 бала гана кирип, 50% же 2 964 бала гана ийгиликтүү өткөн. Бул Орусиянын мектептеринде билим алуу үчүн документ тапшырган үй-бүлөлөрдүн балдарынын жалпы санынын 12,5% түзөт.

Мектепке кирүү үчүн мигрант ата-энелер бир катар документтерди бериши керек, анын ичинде баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү экенин ырастаган маалымкаттарды көчүрмөсү, баланын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Орусияда мыйзамдуу жүргөнү тууралуу кагаз, балада жугуштуу оорулар жоктугу тууралуу маалымкат жана башкалар.

Кыргызстандык мигранттар Орусиядагы мектептер балдарын кабыл алуудан баш тартып жатканы жөнүндө былтыр да айтып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мектептерде “бош орун жок болуп жатканы" тууралуу жооп алганын, орус жергесинде кыргызстандык 224 бала мектепке бара албай калганын кабарлаган. Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына - президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөтүлүп, тийиштүү тараптар менен бир нече жолу бул маселе талкууланганын билдирген.

Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары кеңеши Ички иштер министрлигине таянуу менен өлкөдө 785 миңден ашуун мигрант бала бар экенин билдирген. Мектептерде окуп жаткандардын саны 192,2 миңди түзөт.

Аталган кеңештин башчысы Валерий Фадеев буга чейин балдары мектепке барбаган балдардын ата-энелерин Орусиядан кетүүгө чакырган, муну "тентек балдардын көбөйүшү олуттуу кылмыш факторуна айланышы мүмкүн" деп түшүндүргөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG