Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды. Шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталганын Ысык-Көлдүн жетекчилиги билдирди. Ал эми окуя болгон №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептин директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди.
Караколдо классташ кызына кол көтөргөн окуучунун окуясы боюнча териштирүү башталды. Баланын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени да айтылып, дарыгерлер расмий тастыктады. Бирок Каракол шаарынын мэриясынын маалымдашынча, бала медициналык каттоодо турган эмес.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздын сөөгү табылып, кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран кармалды. Анын мурда да кыз зордуктоого байланыштуу кылмышы бар экени, бирок убагында тийиштүү жаза албай калганы маалым болду.
Кыргызстандан Орусияга жүк ташыган айдоочулар аларды жөнөткөн компанияга нааразылыгын билдирип чыгышты. 9-сентябрдан бери Казакстандын Орал шаарында казак-орус чек арасынан өтө албай турганын айткандар айласы кетип, унаасын таштап Кыргызстанга кайтууга мажбур болгонун билдиришти.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатты. Ага 84 депутат “макул” деп добуш берип, эч ким “каршы” болгон жок. Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуу чечими жана алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров “Азаттыкка” маек курду.
Орусиянын Красноярск аймагында полиция борборазиялык мигранттар чогулуп, концерт өтүп жаткан жайга бастырып кирип, рейд жүргүзгөнү талкуу жаратууда. Алардын арасында кыргыз жараны дагы болгонун Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европанын колдоосу менен Украина басып алынган аймагын өзүнө толук кайтарып аларын билдирди. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассемблеясында Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөп, согушту токтотууга чакырды.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде палестин мамлекетин түзүү маселеси талкууланды. Парламенттин тармактык комитети Жогорку Кеңешти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин колдоду. Кара-Жыгач айылында курулушта каза болгон үч адамдын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды.
Орусияга эмгек миграциясына баргандарга бала-чака, үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да билдирди.
10-сентябрдан кийин Орусияда "кара тизмеде" калган кыргыз жарандарын эмне күтөт? Орус бийлиги мигрант балдардын 90 пайыздайын мектепке кабыл алган жок. Ата-энелер эми кайда барат? Кыргыз бийлиги жарандарын коргоо үчүн эмне кылышы керек?
Дагы жүктөңүз