Буга чейин ушундай эле пикирин экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников да айтып, мыйзам долбоору 9-сентябрда Мамдуманын кароосуна киргизилген. Соңку жылдары Орусия миграция эрежелерин катаалдатып, талаптарды күчөтүүдө. Юристтер бул жаңы эрежелер ЕАЭБ келишимине каршы келерин эскертип жатат.
Зарина соңку 15 жылдан бери Орусиянын Москва шаарында жашап, иштеп келген кыргызстандык мигрант. Ал бул убакыт аралыгында Орусиянын жарандыгын алган эмес. Бирок күйөөсү, уул-кызын Кыргызстандан Москвага алып келип, балдарын жергиликтүү мектепте окутуп келет. Ансыз да балдарды мектепке албай жаткан учурда үй-бүлөнү алып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн деген кабар аны бушайманга салууда.
"Мигрант болуп кетип атканымда эки улуу кызымды ата-энемдин колунда калтырып кеткенбиз. Алар жакшы караганга аракет кылып атышты, бирок биз алыста болгондуктан жүрөгүбүз сыгылып, кыздарыбызды ойлонбогон бир да күн өткөн эмес. Ошондуктан кийинки кичүү уул-кызыбызды жаныбыздан чыгарбай, Москвада окутуп, карап жатабыз. Бул мигрант үчүн тынч, жакшы чечим. Эми ага да тыюу салынса кандай болору белгисиз. Макул, менин балдарымды карай турган ата-энем бар экен, а башкалар кантет? Көбүнүн жакындары жок, кээси балдарын таштаганга жүрөгү чыдабайт, алар кантет? Эмнеси болсо да балдары кашында болуп, жанында билим алып турганы жакшы да. Эгер ошол эреже киргизиле турган болсо биз бул жакта калбай, аргасыз айылга кайтышыбыз керек болот. Өзүңөр билгендей айылда жумуш жок, жашоо кыйындап кетет. Кийинкибиз кандай болорун азыр билбей турам. Ансыз да кадам сайын полиция текшерип, кармап, камап атканы анык".
Зарина кабатыр болуп айтып жаткан жаңы эреже Орусия парламентинин кароосуна ушул жылдын 9-сентябрында киргизилген. Документке ылайык, Орусияда иштеп жаткан эмгек мигрантынын күйөөсү же аялына, балдарына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бул демилгени алгачкылардан болуп Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников көтөрүп, 20-сентябрда болсо Орусиянын төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин да колдогон. Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Сергей Миронов, Олег Нилов, Яна Лантратова, Алексей Кузнецов жана Михаил Делягин.
Вячеслав Володин мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн түрдүү жолдор сунушталып жатканын белгилеп, өзүнүн Телеграмдагы каналына видео да жүктөгөн.
"Кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштар болуп жатат. Буга чейин Экономикалык өнүктүрүү министрлиги айткан сунуш колдоо тапкан. Эгер биз эмгек миграциясы тууралуу айтып жаткан болсок, чынында адамдар келип иштеп, кайра өз мекенине кетиши керек. Анын үй-бүлөсү, балдарынын буга кандай тиешеси бар? Ага өзүнчө талаптар бар. Ошондуктан министрлик өз позициясын так айтып, биз аны колдоп турабыз".
9-сентябрда Мамдуманын кароосуна киргизилген документтин негиздемесинде мигранттардын үй-бүлөлөрү социалдык инфраструктура жана бюджетке күч келтирип жатканы айтылган. Орусиянын ИИМнин маалыматына ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылында Орусиянын аймагында иштөөгө 114 миң чет элдик жаранга уруксат берилген. Ал эми Орусияда жашаган чет элдиктердин саны 6,5 миллиондон ашат. Документти иштеп чыккан депутаттар муну менен мигранттардын агымы 15-20% азайарын болжолдошууда.
Документте Орусиянын коңшусу жана жакынкы өнөктөшү Беларустун жарандарына артыкчылык берилген. Бул өлкөнүн жарандары Орусияда иштеп, артынан үй-бүлөсүн көчүрүп келүүгө укуктуу болору көрсөтүлгөн.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана башка жайларда мигранттарды текшерүүлөр күчөгөн.
2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.
Орусиядагы мигранттар күн алыс миграциялык маселелердин улам бирине туш болуп, кыйын күндү көрүп жатканын айтууда. Арасында негизсиз кармалып, депортация болуп кеткенин да айткандар бар. Андай мекендештерге юридикалык жардам көрсөткөн юрист Эрланбек Токтосунов расмий Москва ишке киргизип жаткан мыйзамдар ЕАЭБ келишимине карама-каршы келерин эске салды.
"ЕАЭБдин келишиминде бардыгы так көрсөтүлгөн. Андан тышкары Орусиянын 114-федералдык мыйзамында так көрсөтүлгөн: чет өлкөлүк жаран бала-чакасын кандай тартипте каттай алары. Ошондуктан жаңы сунушталып жаткан документ Орусиянын ушул сыяктуу мыйзамдарына, атүгүл Баш мыйзамына туура келбейт. Маселен бир дагы адам өз көз карашынан, улуттук өзгөчөлүгүнөн улам Орусиянын аймагына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбашы керек. Азыр"Амина" тиркемеси аркылуу каттоо жүрүп жатат, андан тышкары эмгек келишимдери мамлекеттик кызматтар аркылуу да катталат да, андан кийин миграция башкармалыгынын өзүнүн маалыматтык базасына киргизилсе, башка тиркемедеги базадан мигранттардын аты-жөнү чыкпай атат. Ошондуктан азыр карама-каршылыктар көп. Мамлекеттик органдар өздөрү каттоо маселесин иретке келтире албай, башаламандык күч алды. Мына ушундай оорчулуктар болуп, бир чийинге салына элек жатып "үй-бүлөсүн киргизбейбиз" деген нерсе акылга сыйбай калат. Бул өтө олуттуу маселе, аны бир заматта жөнгө салуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары ЕАЭБдин келишиминде анын курамына кирген өлкөлөрдүн жарандары бир аймактан экинчиге, тиги же бул өлкөнүн ичинде тоскоолдуксуз жүрө алат деп баса белгиленгенине карабай Орусиядагы кыргыздар "Амина" аркылуу баскан-турганын көрсөтүшү керек болууда, бул да туура эмес".
Орусиядагы мекендештер менен иштеген юристтер мигранттардын көйгөйүнө байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдугуна чейин кайрылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетип, жеңилдиктерди караштырууну өтүнгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кыргызстан сыртта иштөөнү каалаган жарандары үчүн башка мамлекеттерге жол ачып бериши керек деп эсептейт. Ал ошондой эле өлкө өзүн-өзү багууга шарт түзүү аркылуу жарандарына иш орундарын түзүп, алардын чет жакка агылуусун азайтууга тийиш деген ойдо. Ал эми Орусиянын катаал шарттарына кыргызстандыктардын да тушугуп жатышын - кыргыз өкмөтү менен парламенттин чабал ишинин жыйынтыгы экенин айтууда.
"Суроо-талап Орусия болуп аткандан кийин президент президент менен, өкмөт өкмөт менен, Жогорку Кеңеш Мамдума менен иштеши керек. Эки тараптуу жолугушуулар аркылуу жолдорун издеп, иштешибиз эле керек, биз азыр иштебей атабыз. Азыр өкмөт да, Жогорку Кеңеш да иштебей турат мигранттардын маселелери менен. Орус тарапты катаал шарттарынан баш тартуу керектигин айтып, мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнүн башка, альтернативдүү жолдорун сунуштасак деле болот. Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери биригип, Орусиянын Мамдумасы менен иштегени андан сонун болмок. Маселен биздин Орусия менен тарыхый жакындыгы барбы? Бар. Мигранттар Орусияга керекпи? Керек. Анда миграциянын мыйзамдуу базасын түзүп, эки тараптуу жеңилдиктерди караштыралы. А эгер Орусия андайга макул болбосо биз жүзүбүздү башкаларга буралы, ачык сүйлөшүү жетишпей турат азыр. Кызмат көрсөтүү тармагында Кыргызстандан канча киши керек, алар кандай иштерди алып бара алат деген талаптар коюлсун, квота берилсин, биз аларга жараша киши жиберели. Координациялоо зарыл. Кийинки келе турган парламент депутаттары ушул маселени эске алып, бул тармакты колго албаса болбой калды".
Орусиянын Рособрнадзор мекемеси ушул жылдын апрелинен тартып мигранттардын балдары үчүн орус тилинен экзамендин талаптарын күчөттү. Ага ылайык, мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90% туура жооп бериши керек. Мурун мектепке кабыл алуу үчүн 30% көрсөткүч жетиштүү эсептелчү. Жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин Орусиядагы мигрант балдардын 90% орус тилин билүү боюнча тестирлөөдөн өтпөй калган.
Тесттен өтпөй калгандар орус тили боюнча дагы кошумча даярданып келип, үч айдан кийин гана кайра тапшыра алышат. Бул убакыт аралыгында бала Орусиядагы мамлекеттик жана менчик мектептерде да билим алуу укугуна ээ боло албайт.
Шерине