Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Чикаго: "Трак айдаган кыргыздар кыйналды"


Трак, АКШ.
Трак, АКШ.

АКШда трак айдоочулар үчүн талаптар катуулап, эми коммерциялык айдоочулук күбөлүк алуу үчүн АКШнын жарандыгы, Green Card же атайын иш визасын алышы керек. Бул чечим миңдеген мигранттардын, анын ичинде кыргыз трак айдоочуларынын ишине түздөн-түз таасир этти. Алар эми ишсиз калабы?

Соңку бир нече күндөн бери АКШда оор жүк ташыган айдоочулар кабылган окуялардын видеолору утур-утур тарай баштады. Өзүн Сапар деп тааныштырган кыргызстандык жаран жаңы эрежелерге ылайык коммерциялык айдоочулук күбөлүктүн (CDL) мөөнөтүн узартуу мүмкүн болбой калганын айтты.

“CDLдин мөөнөтү бүтүп калыптыр. Бөлөмдүн буга чейин эле күбөлүгү бар болчу, Чикагодон алган. Үч айдан кийин кайра келип жаңырталы десек “жаңыртып бере албайбыз, башка күбөлүк да бере албайбыз, бул жокко чыгарылды” деп айтышты”, - дейт ал.

Ошентип, АКШдагы кыргыз мигранттары арасында тынчсыздануу күчөдү. Иллинойс, Техас жана башка штаттарда трак айдоочулар өкмөттүн жаңы талаптары алардын ишин токтотушу мүмкүн деп кооптонуп турушат.

Мирлан
Мирлан

"АКШда эң эле жакшы акча төлөнгөн жумуш трак айдоо. Мен бир жылдан бери ушинтип иштейм. Буга чейин атайын документ берчү, беш жылдык мөөнөткө. Ошол менен иштечүбүз. Азыр болсо ага чектөө киргизилди. Азыр көбү коркуп иштеп жатышат. Кээ бирлери жакындарын Кыргызстанга жиберишти. Өзү болсо тобокелге салып иштеп жатат", -деди АКШдагы кыргызстандык айдоочу Мирлан.

Октябрдын башында АКШнын Транспорт министрлиги америкалык жарандыгы же жашыл картасы жокторго коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берүүнү олуттуу чектеген токтом кабыл алды. Бул чара Флоридада болгон ири жол кырсыгынан жана өкмөттүк аудиттен кийин көрүлдү.

Токтомго ылайык, эми АКШ жарандыгы жоктор трак айдоого уруксат алуу үчүн жумуш визасын алууга жана иммиграциялык макамы федералдык деңгээлде текшерилүүгө тийиш.

АКШнын транспорт министри Шон Даффи Калифорния сыяктуу штаттардын бийлигине кайрылып, америкалык жарандыгы жок мигранттарга айдоочулук лицензия берүүнү токтотууну талап кылды.

Шон Даффи, АКШнын транспорт министри
Шон Даффи, АКШнын транспорт министри

“80 миң фунт салмактагы оор жүк ташуучу унааны айдоого уруксат берүүчү лицензиялар кооптуу чет элдик айдоочуларга көп учурда мыйзамсыз түрдө берилип келген. Бул жолдогу ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Бүгүнкү чаралар кооптуу айдоочуларды токтотуп, мыйзамсыз берилген лицензияларды жараксыз деп табууга багытталган.”

АКШда бүгүнкү күндө төрт миллионго жакын трак айдагандар расмий катталган. Алардын арасында миңдеген чет элдик мигранттар бар. Америкалык жарандыгы жок айдоочулардын көбү Борбор Азия, Латын Америкасы жана Африка өлкөлөрүнөн баргандар.

Кыргызстан да бул тизмеден четте калган эмес. АКШнын ар кайсы штатында, өзгөчө Иллинойс, Техас жана Огайо сыяктуу аймактарда жүздөгөн кыргызстандык трак айдайт. Алардын көпчүлүгү үй-бүлөсүн багуу үчүн татаал шартта, узак жолдо жүрүп иштеген мигранттар.

Эрлан Сыдыков иштеткен АКШдагы трак компанияда кыргызстандык 60ка жакын айдоочу бар.

Эрлан Сыдыков
Эрлан Сыдыков

"Азыркы жагдайды баары эле оор кабыл алышты. Анткени бизде иштеген айдоочулардын көбүнүн грин картасы же жарандыгы жок. Алардын ар бири менен байланышып, түшүндүрүп жатабыз. Аларга тиешелүү укуктук макамын тастыктаган документтерин адвокаттар менен тактап, айтып берип жатабыз. Анткени жолдо документи жок кармалган айдоочуларды дароо детеншнге камап салышпадыбы. Бул жагдай биздин айдоочуларга абдан эле таасир этет. Болжол менен 60–70% айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүн".

Ошол эле учурда айрым эксперттер жаңы эрежелер Борбор Азиядан барган айдоочулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк деп баалап жатышат. Алардын айтымында, бул өзгөрүүлөр бир жагынан жалаң трак айдоо үчүн келген мигранттар үчүн олуттуу чакырык болсо, экинчи жагынан мыйзамдуу макамга ээ болууга жана туруктуу жумушка орношууга түрткү болушу мүмкүн.

Мындай пикирин Чикагодогу кыргыз диаспорасынын башчысы Умар Жусупбеков ортого салды:

Умар Жусупбеков
Умар Жусупбеков

"Адам издене баштайт. Башка туруктуу жана жакшы кесиптерге ээ болууга аракет кылат. Чоң трактан тышкары анын жанында кичирээк жүк ташуучу унаалар да бар. Алар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүк талап кылынбайт. Ошондуктан көпчүлүк ошол тармактарга өтүшү мүмкүн деген оюм бар".

12-августта Флоридада жүк ташыган трак жол эрежесин бузуп, уруксат берилбеген жерден бурулганда болгон кырсыктан үч киши каза тапкан. Айдоочу Америкада мыйзамсыз жүргөн деп шектелген теги индиялык мигрант болуп чыккан. Ал айдоочулук күбөлүгүн Калифорнияда жана Вашингтондо алганы белгилүү болгон.

Ал окуядан кийин президент Дональд Трамптын администрациясы чет өлкөлүк айдоочуларга коммерциялык оор машиналарды айдоо күбөлүгүн берүүнү бир нече убакытка токтоткон.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио кийинчерээк трак айдайм деген чет өлкөлүк жарандарга жумуш визасын берүү да убактылуу токтогонун билдирген.

Апрелде Трамп америкалык үй-бүлөлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо максатында айдоочулар англис тилин жетиштүү деңгээлде билүүсүн талап кылган буйрукка кол койгон.

Америкадагы трак айдаган чет элдиктерди тескөө эмне менен аяктайт, азырынча белгисиз. Кээ бир юристтердин баамында, бул кадам мигранттарды жумуштан акырындап сүрүп чыгаруу аракети болушу мүмкүн. Ошол эле кезде мындай чектөөгө кабылган айдоочулар өз укуктарын мыйзамдык негизде кантип коргой алат?

АКШдагы журналист Марина Соколовская бул суроого төмөнкүчө жооп берди:

Марина Соколовская
Марина Соколовская

"Албетте, көйгөйлөр жок деп да айта албайбыз: пара менен экзамен тапшыруу, тилди билбестик жана башка кемчиликтер бар. Бирок мигранттар же башпаанек сурагандар америкалык айдоочуларга караганда жолдо көбүрөөк кырсыкка кабылат деп жалпылап айтууга болбойт. Азыркы администрация мындай учурларды өз пайдасына колдонуп, «бул мигранттар англисче билбейт, жол белгилерин түшүнбөйт, жумуш орундарын ээлеп алды» деген нарративди жылдырып жатат. Азыр эми мунун кайсы бөлүгү чын, кайсысы саясат экенин аныктоо кыйын".

АКШда болжол менен 50 миңдей кыргызстандык жашап, эмгектенери айтылып жүрөт. Бирок бул сан мындан да көп болушу мүмкүн. АКШдагы кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жашаган Чикагодо жана анын тегерегинде соңку апталарда рейддер менен текшерүүлөр тынымсыз өтүп жатат.

Бир ай мурун АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Чикагодогу рейддерде “кылмыш жасаган” деген шек менен бир нече адамды камакка алган. FOX 32 Chicago телеканалы Ички коопсуздук министрлигине таянып, кармалгандардын арасындагы кыргызстандык тууралуу маалымат тараткан.

Буга чейин Трамптын буйругу менен Вашингтондо жана Калифорнияда да мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өткөрүлгөн.

Чикагодогу рейд: Трак айдаган кыргыздар ишсиз калабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:51 0:00
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG