15-октябрда Ооганстан менен Пакистан ок атууну токтотууну макулдашты. Анын алдында пакистандык аскерлер кошуна өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясына сокку урганын, бир нече киши жапа чеккенин “Азаттыктын” ооган кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме менен жазды.
Кабулда да жарылуулардын добушу угулганы маалымдалды. Анын себеби азырынча белгисиз.
Шаршембинин кечинде чыккан билдирүүдө Пакистандын Тышкы иштер министрлиги тараптар жергиликтүү саат 18ден баштап “48 саатка ок атпоо тууралуу макулдашканы” айтылат.
11-12-октябрь күндөрү болгон кармаш ондогон кишинин өмүрүн кыйып, негизги чек ара өткөөлдөрү жабылган. Анын алдында, өткөн бейшембиде Пакистан Кабулдун борборуна жана Ооганстандын чыгыш бөлүгүнө дрондор менен сокку урган. Ага «Техрик-и-Талибан Пакистан» экстремисттик тобунун чабуулдары түрткү болгон. Исламабад “Талибанды” ошол уюмга башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн дооматын четке кагууда.
Апта башында атышуу токтогону менен шаршембиде Ооганстандын талибдер башкарган бийлиги Пакистандын аскерлери койгон чабуулдан карапайым 12 киши каза тапканын жана 100 киши жарадар болгонун билдирди. Ушул эле күнү Пакистандын Чаман аймагынын администрациясы тараткан маалыматка караганда, талибдердин күчтөрү чек ара аймагындагы бажы пунктуна сокку урганда төрт киши жабыркады.
Эки тараптагы карапайым тургундардын айрымдары үйлөрүнөн качууга аргасыз болду, алар куралдуу кармаштардын согушка айланып кетүүсүнөн чочулап жатышат.
Исламбад "Талибанды" кыймыл түптөлгөн 1990-жылдардан бери колдоп келген. Атүгүл Ооганстандын батышчыл өкмөтүнө каршы козголоң учрунда согушкерлерге жөлөк-таяныч болуп бергени айтылып жүрдү.
Шерине