Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Эски өнөктөштөр Пакистан менен "Талибан" согушабы?


"Талибандын" коопсуздук күчтөрү Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын жердеги Спин Болдак чөлкөмүндө. Ооганстан, 15-октябрь, 2025-жыл.
"Талибандын" коопсуздук күчтөрү Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын жердеги Спин Болдак чөлкөмүндө. Ооганстан, 15-октябрь, 2025-жыл.

Ооганстандын талибдер башкарган бийлиги шаршембиде Пакистандын аскерлери койгон чабуулдан карапайым 12 киши каза тапканын билдирди. Ушул эле күнү Пакистандын Чаман аймагынын администрациясы тараткан маалыматка ылайык, талиб күчтөрү бажы пунктуна сокку урганда төрт киши жабыркады.

Чек арадагы куралдуу кармаш өткөн дем алыш күндөрү тутанган. Натыйжада ондогон киши набыт болгон, негизги чек ара өткөөлдөрү жабылган.

5Исламабад “Талибан Пакистан бийлигине кастарын тиккен экстремисттик уюмга баш калка берди" деп айыптап келет. Талибдер дооматты четке кагууда.

"Талибандын" басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өткөн ишемби-жекшемби күнкү кагылышуулардан кийин ок атылбай калганын, бирок Пакистан ошол бейпилдикти бузганын билдирди.

Анын маалыматында, шаршембиде 12ден көп жайкын киши набыт болгон жана 100дөн ашууну жараат алды.

Спин Болдактагы оорукананын башкы дарыгери Абдулла Жандын айтымында, жарадарлардын көбү жашы жете элек балдар.

"Таңкы төрттөр чамасында салгылашуу башталды. Жарадар болгондордун көбү балдар, жабыркагандардын 90% карапайым кишилер, арасында аялдар менен балдар бар. Кудайга шүгүр тез жардам машиналары даяр турган. Жараат алгандарга жардам көрсөтүп, Кандагардагы ооруканага жөнөттүк".

Пакистандык расмий өкүлдөр кармаш үчүн талибдерди айыптап келет.

Ушул эле күнү Спин Болдактын каршы тарабында, Пакистан аймагында жайгашкан Чаман бажы пунктуна талибдер сокку урганын жергиликтүү бийлик билдирди. Маалыматка караганда, төрт киши жараат алды.

“Талибан” кыймылы 2021-жылы Кабулдагы бийликке кайтып келгенде радикал уюмдун узактан берки өнөктөшү болгон кошуна Пакистан менен ири жаңжал чыгат деп эч ким ойлобосо керек. Согуш тутануу коркунучу өткөн дем алышта талиб жоочулары менен пакистандык армиянын кагылышканда күчөдү.

Ооганстан - Пакистан чек арасында кайра кармаш болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

11-12-октябрь күндөрү болгон кармаш ондогон кишинин өмүрүн кыйып, негизги чек ара өткөөлдөрү жабылган. Анын алдында, өткөн бейшембиде Пакистан Кабулдун борборуна жана Ооганстандын чыгыш бөлүгүнө дрондор менен сокку урган. Ага "Техрик-и-Талибан Пакистан" экстремисттик тобунун чабуулдары түрткү болгон.

Исламабад “Талибанды” ошол уюмга башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн дооматын четке кагууда.

12-октябрда Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар талибдерди чагымга барды деп айыптап, ооган бийлигин “эки өлкөнүн мамилелерине доо кетирүүгө аракеттенген террорчул элементтерге каршы чара көрүүгө" чакырган:

"Пакистан-Ооганстан чек арасындагы кырдаалга терең тынчсызданабыз. Жок жерден аткылоо жана “Талибан” өкмөтүнүн рейддери олуттуу чагым катары бааланат. Пакистан тиешелүү жооп кайтарды жана Ооганстан тараптан иш алып барган "Фитна-и-Хаваридж" жана "Фитна-и-Хиндустан" уюмдарынын террордук элементтерин жок кылуу максатында талибдердин инфраструктурасына сокку урду. Биздин коргонуу максатындагы аракеттерибиз бейпил ооган калкына каршы багытталган жок".

Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Пакистандын күчтөрүнүн базаларына каршы жооп катары ок чыгарышканын ырастады. Алар Пакистан тарапты Ооганстандын аба мейкиндигин мыйзамсыз бир нече ирет бузууга айыптоодо.


12-октябрда талибдер жетектеген Тышкы иштер министрлигинин башчысы Амир Хан Муттаки Катар жана Сауд Арабиянын өтүнүчү менен ок атууну токтотушканын билдирген:

"Уруш Пакистандын аймагында, чек арадан бир нече чакырым алыста болуп жатат. Андыктан жоочуларды өздөрү ооздукташы керек. Биз 40 жылдык жаңжалдан кийин Ооганстандын эбегейсиз аймагын кыска убакытта көзөмөлгө алдык. Алар эмне үчүн ушундай кыла албайт?"

Кагылышуулардан кийин Кабул жана Хост шаарларында "Талибандын" коопсуздук күчтөрүн колдогон демонстрациялар өттү. Куралдуу жаңжалдан улам эки өлкөнүн чек арасындагы Чаман өткөөлү жабылып, жүздөгөн оогандык качкын ара жолдо калган, соода токтоп, жүк ташыган машиналар кезек күтүп турушту.

"Согуштун айынан ушул жерден эч жакка жыла албай калдык. Чек арада кармаштар жүрүп жатканын айтышты. Балдар менен аялдар, кары-картаңдар ооруп жатат. Суу, тамак жок. Бир нече күнгө жетчү акчабыз жок. Талаш-тартыштар сүйлөшүп чечилиши керек. Уруш болсо эки тарап тең утулат, эч ким андан пайда таппайт", - деп айтып берди Рейтер агенттигинин кабарчысына оогандык качкын Мохаммад Наби.

Ооганстан товарлар менен азык-түлүктү Пакистан аркылуу ташыйт. 2021-жылдан бери “Талибан” кыймылы менен Пакистандын аскерлери 2 миң 600 чакырым чек ара тилкесинде утур-утур кагылышып жүрөт.

Бирок айрым эксперттердин пикиринде, зомбулук жана кооптуу риторика абалдын кескин начарлашына алып келди. Эмне дегенде талибдердин "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобуна өз аймагында башпаанек бергени жана алардын ашынган улутчул маанайы Исламбаддын Кабулдагы өкмөт менен достук алакасын куруу пландарына балта чапты.

Исламбад "Талибанды" кыймыл түптөлгөн 1990-жылдардан бери колдоп келген. Атүгүл Ооганстандын батышчыл өкмөтүнө каршы козголоң учрунда согушкерлерге жөлөк-таяныч болгону айтылып жүрдү.

Аналитиктер куралдуу жаңжал согушка айланып кетсе, Пакистан аскердик жана технологиялык жактан артыкчылыкка ээ болорун, бирок талибдер да чабуулдардын мизин кайтарууга жөндөмдүү экенин белгилешет.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өз колуна алган.

Эл аралык изоляцияда калган талибдердин бийлигин биринчи болуп Орусия быйыл жайында расмий тааныды. 2024-жылы Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG