Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Вашингтон НАТО өлкөлөрүн Украина үчүн көбүрөөк курал алууга үндөдү


Пентагондун башчысы Пит Хегсет жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте. Брюссел, 15-октябрь, 2025-жыл.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте. Брюссел, 15-октябрь, 2025-жыл.

Вашингтон НАТОдогу өнөктөштөр Украинага жардам иретинде АКШдан курал-жарак алат деп күтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет Брюсселде альянстын коргоо министрлеринин жыйыны алдында билдирди.

Кеп АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын PURL демилгеси тууралуу жүрүүдө. АКШ Киевге курал-жаракты түз жөнөтпөй калган. Анын ордуна өнөктөш өлкөлөргө сатып, андан ары алар Украинага жеткирет.

Хегсеттин айтымында, тынчтыкка тез жетүү үчүн Украинаны курал менен камсыздоо зарыл. “Тынчтыкка күчтүү болсоң гана жете аласың” деп айтты америкалык министр.

Бүл күндөрү Брюсселде Украинаны коргоо тобунун же башкача айтканда “Рамштайн” форматындагы жыйын да өтүп жатат. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте АКШнын демилгесине дагы бир нече өлкөнүн кошулганы жарыяланарын айтты. Анын маалыматына ылайык, ал долбоордун алкагында Киевди курал менен камсыздоого 2 млрд долларга жакын акча бөлүндү.

Демилгеге Германия, Нидерланд, Канада, Швеция, Дания жана Норвегия кирет.

Рютте Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берип-бербөө талкууланбай турганын, себеби ал Украина менен АКШнын эки тараптуу мамилелерине тиешелүү маселе экенин кошумчалады. Эки өлкөнүн лидерлери аны 17-октябрда Вашингтондо кеп кылары күтүлүүдө.

Ал арада Орусия шаршембиге караган түнү 115 пилотсуз учак менен сокку урганын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бутага Днепропетровск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустары алынды.


Шерине

XS
SM
MD
LG