Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Бишкек соту Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди күнөөлүү деп тапкан чечимди күчүндө калтырды


Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

Бишкек шаардык соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди сот 15-октябрда чыгарганын айыпталуучулардын адвокаты Айбек Турдуев “Азаттыкка” билдирди.

Айыпталгандардын бири Ирина Карамушкина башка иш – “Кой-Таш” иши боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, камакта олтурат.

Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалашкан. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган.

“Социал-демократтар” партиясынын лидери жана мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында алты айча камакта жаткан.

Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өткөн. Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылып, козголгон кылмыш иши негизсиз деп ачкачылык да кармаган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 24-апрелде аларды “Добуш сатып алуу”, “Алдамчылык” жана “Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен абактан бошотуу чечимин чыгарган. Сот үчөөнүн тең мүлкүн конфискациялап, жабырлануучу катары өтүп жаткан эки жаранга 13 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирген. Айыпталуучулардын адвокаттары чечим менен макул эмес экенин, жогорку инстанцияга кайрыла турганын айтышкан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кезинде козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG