Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдардан төлөм кабыл алуу токтотулганын билдирди. Муфтият муну квота толгону менен түшүндүрдү.
"Быйылкы жылга дагы ажылык сапар үчүн алты миң квота бөлгөн. 2025-жылы ажылык сапарга барчулардын саны квотадан ашып кетип, 2600 киши кезекте турган. Калган 3400 бош орунга каттоо боюнча жарыя берилген. Каттоо тез толгондуктан, төлөм кабыл алуу токтотулду. Бул квота толду деген сөз", - деди муфтияттын өкүлү Максат Атабаев.
2026-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдардан документ кабыл алуу 23-сентябрда башталган. Квота бир сааттын ичинде толгон.
Эми 2-октябрь (2-октябрды кошо эсептегенде) саат 17:00гө чейин керектүү иш кагаздарын толуктап, облустук жана шаардык казыяттарга караштуу аймактык операторлорго барып катталуу зарыл. Мөөнөтүнөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.
2026-жылдагы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Ажылык сапарга каттоо тартиби боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтынан таанышууга болот.
Муфтият 2026-жылдагы ажылык сапары үчүн авиакомпаниялар ортосунда сынак 10-сентябрдан 6-октябрга чейин болорун билдирген. Учурда эмдөө жана бирдиктүү формага сынак жарыяланды.
Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2026-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга былтыркыдай эле 6 миң квота бөлгөн.
Буга чейин Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу, боор циррозу, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.
Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. (КЕ)
Шерине