Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Орусияда сот Навальныйдын адвокаттарына чыккан өкүмдү күчүндө калтырды


Навальныйдын адвокаттары сотто.
Навальныйдын адвокаттары сотто.

Орусиянын Владимир облусундагы сот 22-сентябрда оппозициялык активист, маркум Алексей Навальныйдын мурдагы адвокаттары Вадим Кобзев, Алексей Липцер, Игорь Сергунинге чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы кабарлады.

Жактоочулар айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну өтүнүп апелляциялык арыз беришкен. Прокуратура адвокаттарга катуу жаза берүүнү сураган. Сот адвокаттардын эркиндигин дагы бир аз чектеп, мурдагы өкүмдү дээрлик өзгөрткөн жок.

"Новая газета" Вадим Кобзевдин башка саясий туткундар тууралуу айткан акыркы сөзүн жарыялады.

"Бийликтин жана өкмөттүн саясатын колдобогону үчүн куугунтукка алынгандардын баарына тилектештигимди билдирем жана колдойм", - деди адвокат.

Владимир соту 17-январда Навальныйдын мурдагы адвокаттарын "экстремисттик коомго аралашуу" иши боюнча эркинен ажыраткан. Сот Вадим Кобзевди 5,5 жылга, Алексей Липцерди 5 жылга, Игорь Сергунинди 3,5 жылга түрмөгө кесилген.

Сот ошондой эле аларга жазасын өтөп бүткөндөн кийин үч жыл адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган.

Адвокаттар 2023-жылдын күзүндө кармалышкан. Анын алдында үйлөрүндө, кеңселеринде тинтүү жүргөн. Прокурорлор аларды Алексей Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы фондунун" ишине аралашкан деп айыпташкан. Бул уюм Орусияда экстремисттик деп саналат.

Тергөөнүн версиясына караганда, Навальныйдын адвокаттары "макамынан пайдаланып", камактагы саясатчынын каттарын анын тарапташтарына жайылтып турушкан, бул Навальныйга "экстремисттик коомдун жетекчисинин функциясын улантууга жардам берген".

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Навальныйдын адвокаттарына чыгарылган өкүмдү кескин айыптаган.

2023-жылы август айында Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы Навальныйды экстремисттик бирикме түзүү тууралуу жана башка бир нече айыптын негизинде 19 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын алыскы Ямал-Ненец аймагындагы колонияда өтөп жаткан Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта көз жумган.

Шерине

XS
SM
MD
LG