Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

ЖК комитети БШК мүчөлүгүнө Сүйүнбек Касмамбетовду дайындоону колдоду


Сүйүнбек Касмамбетов.
Сүйүнбек Касмамбетов.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 23-сентябрдагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Анар Дубанбаеваны өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотуу боюнча маселени карады. Комитет мүчөлөрү чечимди колдоду.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова ушуну менен БШКнын эки мүчөсүнүн орду бошогонун айтып, ал орундарга башка адамдарды дайындоо үчүн сөздү президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго берди.

Абытов бул орундарга президент Садыр Жапаров Сүйүнбек Касмамбетовду жана Кабылбек Мамбетаиповду сунуштай турганын айтты.

Сүйүнбек Касмамбетов быйыл май айында мамлекеттик катчы кызматынан "жаңы адамдарга орун бошотуу үчүн өз эрки менен" кеткен. Кабылбек Мамбетаипов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп иштейт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети сунушту бир добуштан колдоду.

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн турат. 2021-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, анын алтоосун президент, алтоосун Жогорку Кеңеш сунуштайт. Соңку курам ошол жылы жаңыдан бекилген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG