Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Нью-Йоркто Казакстан менен Украинанын президенттери жолугушту


Казакстан менен Украинанын президенттери Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы маалында жолугушту. 22-сентябрь, 2025-жыл.
Казакстан менен Украинанын президенттери Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы маалында жолугушту. 22-сентябрь, 2025-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катышканы барган казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен украин президенти Владимир Зеленский эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, орус-украин согушун токтотуу жолдорун жана келечекте Украинаны кайра куруу иштерине казак компанияларын тартуу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Эки лидердин беш жылдан берки алгачкы жолугушуусу толугу менен англис тилинде өткөнүн казакстандык делегация билдирди. Токаев украин тарап менен дипломатиялык алакаларды улантуу зарыл экенин белгиледи. Анын алдында АКШ президенти Дональд Трамп телефондон казак президенти менен сүйлөшүп, Казакстан АКШдан 4 миллиард 200 миллион долларлык темир жол машиналарын сатып алуу тууралуу келишимге кол койгонун жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Украинадагы согушка карата бейтараптуулук позициясын карманып келген Казакстан тышкы мамилелерде баланс сактоого умтуларына басым жасап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG