Казакстандын Ички иштер министрлиги мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы, кыргыздардын жана казактардын дарегине кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу Интернетте тараган Екатерина Биволго издөө жарыялады.
"Азаттыктын" казак кызматы 31-октябрда Tengrinews.kz жаңылыктар порталына таянып жазгандай, министрлик аны камакка алуу үчүн издөө жарыялады жана кылмыш иши козголгонун, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Өткөн аптада Бишкектин Биринчи Май райондук соту Екатерина Биволду камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарган. Буга анын 21-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жүктөгөн видеосу негиз болгон. Видеодо ал кыргыз жана казак калкын кемсинткен сөздөрдү айткан.
Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш ишин козгогон. Бул беренеге ылайык, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Екатерина Бивол 35 жашта, ал Орусиянын жараны. Анын мурдагы күйөөсү, 35 жаштагы Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган мушкер. Жубайлар 2023-жылы ажырашкан. (RK)
Шерине