Бишкектин Биринчи Май райондук соту мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 25-октябрда Бишкек шаардык милициясы маалымат таратты.
Буга Екатерина Биволдун 21-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жүктөгөн видеосу негиз болгон. Анда ал кыргыз жана казак калкын кемсинткен сөздөрдү айткан.
Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330- беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы айыпталуучу, 1990-жылы туулган Екатерина Биволго карата аны сыртынан Бишкектеги №21 тергөө абагына камоо жана издөөгө алуу чечимин чыгарган.
Буга чейин Кыргызстандагы беш адвокат Екатерина Биволдун айткандарына юридикалык баа берүү үчүн ага каршы ишти алып барууга макул экенин билдирип, коомчулукка кайрылган. Алар Орусияга чейин барып, Екатерина Биволду жазага тартууга көмөк көрсөтөрүн билдиришкен.
Екатерина Бивол Орусиянын жараны. Ал Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган мушкер Дмитрий Бивол менен 2023-жылы ажырашкан.(KS)
Шерине