Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

Путин "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноодон өткөнүн айтты


Орусия алыс аралыкка учкан, өзөктүк куралды алып жүрүүчү "Буревестник" канаттуу ракетасын сыноодон өткөрдү.

Кремлдин билдирүүсүндө Путин уюшкан аскерлер тобунун башкаруу пункттарынын бирине барып, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов баштаган жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөргөн.

Путин орусиялык армия стратегиялык чабуулга карата машыгуудан өткөнүн жарыялап, Герасимовдон ракета кандай сыналганын сураган.

Герасимов "Буревестник" 21-октябрда сыноодон өткөнүн айткан. Ракета 15 саат тынбай 14 миң чакырым аралыкка учкан. "Сыноо ыкмаларын аныктап жана аны куралдуу күчтөргө жайгаштыруу үчүн инфратүзүмдөрдү даярдоо керек", - деген Путин.

"Буревестник" тууралуу Путин биринчи жолу 2018-жылы айтып чыккан. 2019-жылы августта Архангельск облусундагы Ненокс ракеталык полигонунда жарылуу болуп, Орусиянын Росатом менен Коргоо министрлигинин жети кызматкери каза тапкан. Жарылуу радиациянын деңгээлинин көтөрүлүшү менен коштолгон. "Свобода" радиосунун иликтөөсүндө кырсык "Буревестникти" сыноо учурунда деңизге кулап түшкөн ракетаны көтөрүү маалында болушу ыктымал экени айтылган.

Буга чейин ракета Жаңы Жердеги полигондо сыналганы айтылган. Nuclear Threat Initiative аналитикалык борбору америкалык чалгын кызматына таянуу менен 2017-2019-жылдары "Буревестник" 13 жолу сыноодон өтүп, экөө гана "жарым-жартылай" ийгиликтүү болгонун айткан.

2023-2015-жылдары "Буревестник" Жаңы Жерде дагы сыноодон өткөнүн көз карандысыз иликтөөчүлөр спутниктен алынган сүрөттөргө таянып билдиришкен. 2023-жылы октябрда Путин жаңы ракетаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн айткан.

Көз карандысыз булактар "Буревестник" сыноодон ийгиликтүү өткөнүн ырастаган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG