Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Москва мораторий бузулса өзөктүк сыноолорду жандандырарын эскертти


Москва Кошмо Штаттардын кадамына жооп кайтарып, өзөктүк сыноолорду жандандырарын эскертти. Бейшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ядролук куралды сыноого мораторий жарыяланганын жана «Буревестник» ракетасын учуруу андай сыноо болуп саналбаганын билдирди.

«Бардык өлкөлөр өз коргонуу системасын өнүктүрүп жатат, муну атомдук сыноо деп эсептебеш керек», - деп айтты Песков.

Ал президент Владимир Путин мораторий бузулса, «тиешелүү чара көрүлөт» деп эскерткенин эске салды. Мунун алдында америкалык президент Дональд Трамп Пентагондун башчысына ядролук сыноолорго 33 жыл мурун киргизилген ыктыярдуу мораторийди алуу буйругун берген. Ал социалдык тармакка башка өлкөлөр андай сыноолорду өктөрүп жатканын, АКШнын өзөктүк куралы алда канча көп экенин, Орусия экинчи, үчүнчү орундагы Кытай артта калганын, бирок жакынкы 5 жылда кууп жетерин жазган. Мындай кадам глобалдык паритетти кармап туруу максатын көздөгөнүн кошумчалаган.

Вашингтон 1996-жылы Ядролук сыноолорго тыюу салган келишимге кол койгону менен документти ратификациядан өткөргөн эмес. Орусия аны ратификциялаган, бирок 2023-жылы колун артка кайтарып алган.

Орусия өзөктүк сыноолорду 1990-жылдан бери өткөрбөйт.

Бир нече күн мурун Путин алыс аралыкка учуучу, атомдук дүрмөт ташыган «Буревестник» ракетасы, андан кийин суу астында сүзүүчү, ядролук элемент менен жабдылган «Посейдон» аппаратын сыноодон өктөрүлгөнүн билдирген.

Орусия ядролук курал сыналганын жарыялаган эмес.

Трамп «Буревестникти» сыноону орунсуз деп атап, андан көрө Украинадагы согушту токтотуунун үстүнөн иштеши керек деген комментарий берген.


Шерине

XS
SM
MD
LG