Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Атасынан кордук көргөн уул-келин, чарчап калган наристе


Атасынан кордук көргөнүн айткан жигит менен "Азаттыктын" журналисттери жолукту, 22-август, 2025-жыл
Атасынан кордук көргөнүн айткан жигит менен "Азаттыктын" журналисттери жолукту, 22-август, 2025-жыл

20 жаштагы келин кайын атасы бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылганы маалым болду. Анын күйөөсү дагы өз атасынын зомбулугуна туш болгонун, жаш түгөйлөр үч айлык наристесинен да ажырап калганын билдирген. Жакында милиция кылмышка шектүүнү кармап, иш козгоду.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде турган 18 жаштагы жигит колуктусу экөө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, атасы жубайын бир жыл бою зордуктап, өзүн уруп-сабап жүргөнүн айтып берди.

Биз менен жолукканда психологиялык жактан басынып турган жигит ысымын жана жүзүн жашырып коюуну өтүндү. Аны менен Бишкектин бир жеринде кезигип, уккан кишини нес кылган окуянын чоо-жайын сурадык.

Узун бойлуу, сыртынан караганда 20нын тегерегинде көрүнгөнү менен баскан-турганы, сүйлөгөнү жеткинчектикиндей таасир калтырат. Мектепте 9-класска чейин эле окуп, анан атасы чыгарып салганын айтып берди. Кенедей кезинен ар кандай кара жумуш жасап, акча таап, атасынын үй-бүлөсүн бакканга жардамдашып чоңойгон.

Башынан кандай азапты өткөргөнүн эстеп отуруп, көздөрүнө жаш тегеренип кеткенин көргөндө заманам тарыды. Ал ымыркай чагында эле энесинен ажырап, бала кезинен атасынын зомбулугун көрүп чоңоюптур.

Бир жыл мурда ал 19 жаштагы кызды жактырып калып, экөө нике кыйдырып, өз алдынча жашай башташкан. Никесин расмий каттатышкан эмес. Атасы башында анын үйлөнүшүнө каршы болуп, кийин кайра аларды "чогуу жашайбыз" деп үйүнө киргизип алган.

Келинчеги ушул тапта ооруканада, адистердин, айрыкча психологдордун жардамына муктаж. Төрөтү кыйын болуп, кийин баласы да чарчап калган келиндин абалы абдан эле аялуу. Ал дагы атасынан эрте ажырап, энеси башка күйөөгө чыгып кетип, кызды чоң энеси чоңойткон экен. Кийин небереси турмуш курган жигитти жактырбай, кызы менен катташпай койгонун бизге жабырлануучу айтып берди.

Жаш үй-бүлөнүн жашоосу, наристенин табышмактуу өлүмү

Жаш түгөйдүн бир нече жолу ата-энесинен бөлүнүп, өзүнчө жашайбыз деген аракетинен майнап чыккан эмес.

“Биз ага чейин Ошко качканбыз. Кийин кайра келгенде атам 10 күнгө талаага эле чыгарып койду. "Сен иштебей эле кой, мен сени багам" деп. 10 күн талаада жүрүп, биз ачка болдук, чай-тамак жок”, - деп айтып берди.

Жабырлануучу жигит
Жабырлануучу жигит

Быйыл апрелде түгөйлөр балалуу болгон соң, бир күнү келинчеги кайнатасы аны бир жыл бою уруп-зордуктап жүргөнүн, мындан улам жашоодон кечейин деп калганын күйөөсүнө ыйлап айтып берген. Жигит эмне болгонун териштирем дегенде кайра атасынан таяк жейт.

“Ага чейин келинчегим "мен өлүшүм керек" деп жүрөт. Мен ушундай тажадым, мыйзам бизди коргобойт экен. Анткени, ага чейин мен ушул бизди караган милицияга баргам. Милиция кызматкери күлүп, ишенбей койгон. Анан келинчегим канча кыйынчылыкка чыдап жүргөнүн, атамдын зордуктаганын көтөргөнүн, коркутканын айтты. "Мен жатып бердим, сабады, бычак менен коркутту, төшкө муштады. Эми мен өлүшүм эле керек деди" - деп аргасы түгөнгөн жигит келинчегинен укканын айтып берди.

"Талаада жүргөнбүз. Келинчегим баланы арыкка жаткырып коюп, менин артыман келатты. Карасам атам баланы алып турган, атам баланы карайт деп ойлодум. Өгөй апамдын да өзүнүн 10 айлык баласы бар”, - деген жигит келинчегин ээрчитип, кенедей наристени талаада иштеп жүргөн жерине калтырып кетишкенин айтты.

Жигиттин сөзүнө караганда, түгөйлөр баласын таштап, Караколдогу кыздын туугандарына качып барышат да бир нече күндөн соң Бишкекке кайра келишет. Барар жери жок жаш үй-бүлө ар кимден сураштырып жүрүп, “Сезим” кризистик борборун таап, кийин милицияга кайрылат. Андан ары милиция, укук коргоочулар менен чогуу атасынын үйүнө баласын алганы барышат.

Наристе ооруканага жеткирилип, абалы оор болгондуктан чарчап калат.

“Сезим” кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова бул үй-бүлө турган жерге барганын айтып берди.

“Ал жерде жашайт деп да айтыш кыйын, мындай эле сарайда, талаада эле жашашат экен. Тегерете чүпүрөк илип коюшуптур, анан 5-6 бала жүрөт. Анан тапчанга окшогон бир жерде эки наристе жатыптыр да. Бирөөнү көрүп коркуп кеттим, араң эле жаны бар экен, көзү алаңдап калыптыр. Эмизип койчу десем, алсыз болуп, эме алган жок", - деди ал жерге барган Сооронкулова.

Юрист зомбулуктан жабыркагандарга жардам берчү жерлер бардыгын, бирок аялдар кантип барышты билбей же коркуп, эч кимден жардам сурабай коерун белгилейт.

Сооронкулова ушул тапта иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатканын жана иштин аярлуу жагдайлары бардыгыан улам мындан башка маалымат бере алган жок.

Милиция окуяны териштирет, Акыйкатчы ишти көзөмөлдөйт

Ички иштер министрлиги атасынан кордук көрдүм деген жигиттин июль айында аймактык милицияга барып, даттанганы тууралуу айтканын четке какты. Милицияга кайсы күнү барып, кимге жолукканы тууралуу жигиттин колунда эч кандай далили жок.

Милиция "зордуктоо" тууралуу арыз Ленин райондук бөлүмүнө июлдун соңунда гана түшкөнүн ырастады. 16-августта жигиттин атасы кылмышка шектүү катары кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ленин райондук милициясы шектүү жаран "пара берүү" боюнча дагы кылмыш ишине кириптер болгонун билдирген. "16-августта көрсөтмө берүү маалында шектүү 1974-жылы туулган И.А. аттуу жаран, ишти токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине 50 миң сом пара берүүгө аракет кылган. Бул аракет катталып, И. А. Ленин РИИБдин кызмат бөлмөсүндө пара берип жаткан учурунда кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүнүн жакындары бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Акыйкатчы Жамиля Жаманкулова жабырлануучуларды кабыл алган учур
Акыйкатчы Жамиля Жаманкулова жабырлануучуларды кабыл алган учур

Акыйкатчы институту бул окуяны өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

“Акыйкатчы алардын кабыл алган күндөн тарта эле иш жүргүзө баштадык. Биринчиден, биз бекер юридикалык жардам берип жатабыз. Азыр тергөө жүрүп жатат, бирок психологиялык, медициналык жардам керек. Саламаттык сактоо министрилигине чыгып, кызга ыкчам жардам бердик”, - деди "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун эксперти Чынара Белекова.

Ушул тапта атасынан запкы жеген жигит шаар четиндеги дачалардын биринде баш калкалап, ооруканадагы жубайына каттап, жумуш издеп жүрөт. Мындан тышкары ал ымыркай уулунун өлүмү үчүн атасын айыптап, милицияга арыз камдап жатканын айтты.

"Артка кетпейбиз эми, аягына чейин барабыз. Күнөөсү болсо айыбын тартышы керек. Бул иш ушул бойдон калбашы керек. Менин балам чарчап калды", - деди ал.

Төрт ай мурун наристелүү болгондо банктан 80 миң сом насыя алган, ал карыз дагы мойнунда. Ал тапта Акыйкатчы институту банк менен байланышып, карыздын мөөнөтүн узартууну караштырууда.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Шерине

XS
SM
MD
LG