Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG