Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню дайындалганына бир ай боло электе кызматын тапшырды. Бүгүн, 6-октябрда анын өкмөт башчы катары алгачкы жыйынын өткөрмөк.
Le Figaro жана BFM TV маалымат каражаттары билдиргендей, анын отставкасын Франция президенти Эммануэл Макрон кабыл алды. Лекорнюнун кызмат мөөнөтү Франциянын жакынкы тарыхындагы эң кыска премьерлик болуп калды.
Кечээ кечинде Лекорню министрлер кабинетинин жаңы курамын жарыялаган. Анда негизги кызматтарга президент Эммануэл Макрондун тарапташтары жана мурунку өкмөттүн өкүлдөрү дайындалды. Бул чечим оппозициянын катуу сынына кабылды деп белгилейт BFM TV.
Лекорнюнун отставкасы быйыл Францияда өкмөт башчы алмашкан үчүнчү учур болуп, ушуну менен 2022-жылдан бери алтынчы жолу премьер-министр кызматтан кетти. Мурунку премьер-министр Франсуа Байру дайындалгандан кийин тогуз ай өтпөй, 8-сентябрда парламенттин ишеним көрсөтпөө чечиминен кийин отставкасын жарыялады.
Ал бюджеттик тартышты азайтуу үчүн катаал үнөмдөө чараларын камтыган документти парламент аркылуу өткөрө албай койгон. Талдоочулар Лекорнюнун өкмөтү да бюджетти кабыл ала албай калышы ыктымал деп боолголоп жатышкан.
Le Figaro гезити оппозициядагы саясатчылардын парламентти таратууга жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырыктарын келтирген. Айрымдары президент Макрондун өзүн да отставкага кетүүгө же ага импичмент жарыялоого чакырып жатышат.
Шерине