Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Келерки жылы Кыргызстанда "Ысык-Көл" интеллектуалдык форуму өтөт


Келерки жылы жайында "Ысык-Көл форумун" өткөрүүгө даярдык башталды. Президент Садыр Жапаров кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевди форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлү кылып дайындады.

Жапаровдун 6-октябрда жарыяланган жарлыгына ылайык, Койчиев чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, маданият, искусство, илимий, коомдук ишмерлердин өкүлдөрүн чакырууга, сүйлөшүү жүргүзүүгө укук алды.

Форумду өткөрүү ниети боюнча президент Садыр Жапаров алгач 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Кытайда өткөн саммитинде билдирген.

Ысык-Көл интеллектуалдык форуму алгач залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы уюштурулган. Бул иш-чарада цивилизациялык, маданий, саясий жана глобалдык маселелер талкууланат.

Шерине

XS
SM
MD
LG