Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

Президент Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекет лидерлеринин саммитинде билдирди.

Ал эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.

"Бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да камтыйт”,-деди Жапаров.

Ал ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугу үчүн жамааттык аракеттер уланышы керектигин, айрыкча терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы бул өлкөлөр чогуу аракеттениши маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары санариптештирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алуу үчүн “жашыл долбоорлорду” көбөйтүү сунушун берди.

ШКУга келерки жылы Кыргызстан төрагалык кылат жана бул мөөнөттө Чолпон-Ата шаары уюмдун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилери айтылды. Анын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн юбилейлик Ысык-Көл "интеллектуалдык" форуму пландаштырылган.

ШКУ саммитине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытайдын, Беларустун башчылары, Индиянын премьери, Ирандын президенти, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышууда.

2001-жылы Москванын демилгеси менен түптөлгөн уюмга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG