Европа Биримдигинде Орусиянын камактагы мамлекеттик активдерин Украинага репарациялык насыянын негизи катары берүү планына байланыштуу маселени талкуулоо уланууда. Мындай каржылык колдоо дээрлик төрт жылдан бери Орусиянын толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүп келе жаткан Украина үчүн өтө маанилүү.
23-октябрда Бельгиянын борбору Брюссель шаарында биримдиктин лидерлери Украинанын 2026-жылга жана 2027-жылга карата аскердик муктаждыктарын жана каржылык маселелерин жабуу үчүн 140 миллиард еврого чейинки суммада (162 миллиард АКШ доллары) акча бөлүүнүн татаал схемасын талкууга алып чыгышты. Насыяны берүү шарты - орусиялык активдерди күрөө катары колдонуу.
Киевге Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүнө жардам берүү жана Кремлди төлөтүү максатын көздөгөн репарациялык насыя өтө маанилүү план болуп эсептелгени менен анын айрым юридикалык жана саясий маселелери бар экени анык болду.
«Европалык лидерлер Украинанын алдыдагы эки жылга каржылык муктаждыктарын жабууну камсыздоону убада кылып жатышат», — деди саммиттен кийин Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта.
«Орусия муну эске алышы зарыл. Украинада орусиялык агрессиядан коргонуу үчүн зарыл каржылык ресурстары болот», - деп кошумчалады ал.
Костанын белгилешинче, чечүүнү талап кылган техникалык проблемаларды жойсо болот, башкача айтканда, «бул чечим жүзөгө ашырарлык».
2022-жылы Орусиянын танктары Украинанын аймагына кирип барган кол салуудан кийин Европа Биримдиги Орусиянын борбордук банкынын (Центробанк) 200 миллиард евролук (232 миллиард доллар) активдерин камакка алган. Шаркеттин андан кийинки чечимдери менен Украина камактагы ошол орус активдеринен проценттик киреше алып келе жатат.
23-октябрда Москва активдерин кандай гана шартта болбосун, Орусиянын өзүнүн макулдугусуз пайдалануу «эл аралык жана келишимдик укук жагынан алып караганда мыйзамсыз» экенин жана «жагымсыз реакция жаратарын» айтып эскертти.
Евробиримдикте Киевге кошумча жардам көрсөтүү маселеси АКШда президентикке Дональд Трамптын келиши менен Украинага колдоо темпи жайлай түшкөнүнө байланыштуу көтөрүлө баштаган жана шаркетте атайын схема иштелип чыккан.
Бул схемага ылайык, Украинага каражат бөлүүнүн орусиялык суверендик активдерге тиешеси болбойт, биримдик каражатты бельгиялык Euroclear депозитарий компаниясынан алат, акча накталай түргө которулат. Андан соң бул каражат Украинага насыя түрүндө берилет, украин бийлиги, өз кезегинде, насыяны эгер Орусия ага келтирген зыяндын ордун толтуруп берсе гана кайтарат.
Сөз болуп жаткан активдердин көпчүлүк бөлүгү Бельгияда жайгашкан. Бул өлкөнүн премьер-министри Барт де Вевер айрым кооптонуулары бар экенин билдирди.
Де Вевер Бельгия бийлигине макулдук берүүсү үчүн эгер Москва сотко кайрыла турган болсо жоопкерчиликти Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн бардыгы бирдей алат деген бекем кепилдик керек болуп жатканын айтууда. Ал ошондой эле биримдиктин курамындагы башка мамлекеттер да өз аймагында камакка алынган орусиялык активдерди иштете баштоо убадасын бериши керек деп эсептейт.
«Бельгия болгону чакан бир мамлекет. Менин колумдан келген жалгыз нерсе — кайсы жерде кандай көйгөй бар экенине көңүл бурдуруп, негизги маселелерди чечүүнү сылык өтүнүү», — деди де Вевер саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал эгерде коюп жаткан шарты кабыл алынбай турган болсо бул чечимдин аткарылышын токтотуу үчүн жалпы европалык деңгээлде, өз өлкөсүнүн деңгээлинде да, саясий жана юридикалык жактан колунан келген бардык аракетин көрөрүн айтып эскертти.
Натыйжада саммиттин катышуучулары Бельгиянын позициясынан улам чечимин толук кабыл алууну декабрда өтө турган кийинки жолугушууга чейин кое турмай болду. Еврокомиссияга сунуштала турган чечимдин текстинде насыя тууралуу так жазылган эмес, 2026-2027-жылдарга Украинага «каржылык жардамдын варианттарын» сунуштоо тууралуу гана белгиленген.
Саммитке украин президенти Владимир Зеленский да катышты. Мунаса табылбай калганына карабастан ал жыйын «жакшы натыйжа» бергенин айтты.
«Европа Кеңеши Украинага каржылык жардам келерки гана эмес, 2027-жылы да уланат деп ишендирүүдө. Бул бир добуштан айтылган маанилүү чечим. Биз камактагы орусиялык активдер маселесине, аларды орусиялык агрессиядан коргонуу үчүн болушунча кенен пайдаланууга байланыштуу саясий колдоо кепилдигин алдык», — деди Зеленский X социалдык түйүнүндөгү түз эфирде сүйлөп жатып.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц сунушталып жаткан схеманын тарапкерлеринин бири. Ал комиссия биримдиктин кийинки саммитине чейин башка да түрдүү варианттарды сунуш кылат деп үмүттөнүп жатканын айтты.
«Биз Украинада акыры тынчтык орношу үчүн орус тарапты кепке келүүгө мажбурлоо максатында басымды күчөтүп жатабыз. Украинага эртеңки күнү көйгөй жаратпай тургандай келечек керек. Айрыкча бул аскердик техника менен камсыздоо маселесине байланыштуу. Биз, европалыктар, ошондой күчтүн белгилерин мына азыр беришибиз зарыл», — деди Мерц.
Евробиримдиктин лидерлеринин бул жолку саммити Орусияга каршы санкциялардын 19-пакети кабыл алынгандын жана АКШ орусиялык эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргизгендин эртеси уюштурулду.
Украин президенти Зеленский АКШнын чечимин Орусияга каршы күрөштөгү «катуу жана өтө зарыл сигнал» деп атады.
Шерине