Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушун Транспорт министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол-Түндүк» ишканасы бүткөрөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Буга чейин аталган жолдорду “Бета Групп” деп аталган ишкана жасап жаткан. Жолду куруудагы мыйзам бузуулар боюнча аталган компаниянын жетекчиси Мирлан Амантуров жана транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев кармалган. Алар Кылмыш жаза кодексининин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Камилжан Абдыкалыков Нарында подрядчы компания курулушту бүтүрө албай жатканын айткан.
Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган. Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.
Нарындын тургундары жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга кайра жазып чыккан.
Шерине