Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Тбилисидеги нааразылык акциясына катышкан 13 киши кармалды


Грузиянын борбору Тбилисиде 4-октябрдагы нааразылык акциясына чыккан 13 катышуучу дүйшөмбүдө кармалды.

Бийликтин айтымында, алар президенттин администрациясын басып алууга активдүү катышкан. Бул окуя боюнча массалык башаламандыкка катышуу, стратегиялык объектини басып алуу же бөгөттөө, мүлккө зыян келтирүү жана өкмөттү кулатууга чакырыктар сыяктуу бир катар беренелер боюнча кылмыш иши козголду.

Грузиянын ички иштер министринин орун басары Александр Дарахвелидзе жалпы 15 шектүү аныкталганын, калган экөө изделип жатканын билдирди.

Буга чейин нааразылык акциясын уюштуруу комитетинин беш мүчөсү кармалганы кабарланган. Алардын иши 7-октябрда сотто карала баштай турганы кабарланды.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе 13 кишинин кармалганы боюнча пикирин билдирип, “ушул күндөрү ИИМ укук бузгандарды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатканын” айтты. Ал 4-октябрдагы окуяны тыштан уюштурулган бийликти күч менен басып алуу аракети катары мүнөздөдү. Анын айтымында, акыркы төрт жыл ичинде оппозициялык “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы беш жолу “төңкөрүш” уюштурууга аракет кылган, бирок бийлик ар бирине тиешелүү жооп кайтарган”.

4-октябрда Грузияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо өттү. Бул өнөктүккө бир катар ири оппозициялык күчтөр, анын ичинде мурдагы президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы бойкот жарыялаган.

Оппозициянын бир бөлүгү бийликти тынч жол менен кулатуу максатында Тбилисинин борборунда жыйын өткөрө турганын жарыялады.

Кечке жуук акциянын катышуучулары Тбилисидеги президенттик имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Айрым демонстранттар сарайдын короосуна чейин өтүп, тосмосун бузушкан.

Коопсуздук күчтөрү калемпир газы, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу чачышкан. Натыйжада демонстранттардын да, полиция кызматкерлеринин да арасында жабыркагандар болгон.

Өткөн жылдын күз айларынан бери бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Тбилисиде дээрлик күн сайын нааразылык акциялары өтүп келет.

Оппозициянын тарапташтары азыркы бийликти “легитимдүү эмес, авторитардык ыкмаларды колдонууда жана Орусия менен кызматташат” деп айыптайт.

Ал эми Грузиянын бийлиги болсо бул нааразылыктарды Евробиримдик колдоодо деп сынга алып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG