Заманбап байкоо түйүнү эмне экенин алматылык жарандык активист Санжар Бокаев өз жон териси менен сезди.
Июнда саясий блогерлик менен таанымал мурдагы чиновник Бокаев Алматынын аэропортунан кармалган. Полиция кызматкерлери аны жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн жүздөрдү таануучу системанын жардамы менен кармаган. TargetEYE Бокаевди издөөдө жүргөн адам катары көрсөткөн.
Бокаев күч органдары менен сүйлөшүүсүн телефонго жаздырып алган жана полиция кызматкери ага маалымат базасындагы сүрөтүн көрсөткөнүн айткан. Полиция кызматкеринин смартфонунда ачылган маалымат базасына Бокаев жарандык активист катары кирген.
Аэропорттогу кармоодон көп өтпөй аны кое беришкен. Кийинчерээк Бокаев интернетке видео жайгаштырып, анда өкмөт активисттерди аңдуу үчүн алдыңкы технологияны колдонуп жатканын айткан.
"Бул видеодон көрүнүп турат. Анда менин сүрөтүм, аты-жөнүм жазылып, "жарандык активист" катары белгиленгем, - дейт Бокаев. - Андан тышкары маалымат базасын ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмү киргизгени көрүнүп турат. Бул ишти кайсы кызматкер аткарганы дагы катталган. Бирок алар мени маалымат базасына киргизгенин танып, моюнга албай жатышат".
Казакстандын ИИМи Бокаев башка адамга окшош болгону үчүн маалымат базасына жаңылыш кирип калганын айтууда. Ички иштер министри Ержан Саденов акырында өкмөт активисттерди маалымат базага киргизбей турганын, бирок "техника дагы жаңыларын" айтып чыкты.
Казак өкмөтү президент Касым-Жомарт Токаевдин бийлигине коркунуч туудурган 2022-жылдагы жапырт нааразылык жана кандуу башаламандык кайталанбашы үчүн санариптештирүү саясатын жүргүзүп келет. Бирок өлкөдөгү Бокаев жана башка активисттерге бул инцидент жаман сценарийдин желаргысындай сезилди.
Өкмөттүн миңдеген камераларды борбордук санариптик идентификацияга кошуу үчүн жасалма интеллектке узак мөөнөттүү инвестицияларды салып жатышы жеке эркиндикке кесепетин тийгизиши мүмкүн.
Казакстанды санариптештирүү стратегиясынын негизин түзгөн технологиялардын жана маанилүү жабдыктардын басымдуусу Кытайдан келгени да чочулоону күчөтүүдө.
Учурда кытай өндүрүшүнө таандык серверлер, телекоммуникациялык жабдыктар, микрочиптер жана байкоочу камералар Казакстандын санариптик дымагынын негизги куралы болууда. Сентябрь айында Токаев жасалма интеллект боюнча жаңы министрлик түзүлөрүн жар салды.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен баарлашкан эксперттер Астана кытай компанияларына технологиялык прогресс жагынан эле көз каранды болбой, Кытайдын цензура жана коомго көзөмөл кылуу моделин да көчүрүп алышы мүмкүн деп кооптонушат Кытай мамлекет жарандык эркиндик менен жеке жашоонун кол тийбестигине түздөн түз кийлигише алганы менен сынга кабылып келет.
"Кытай саясий болсун, социалдык болсун демократиялуу коомчулукта технология колдонуунун үлгүсү эмес, - дейт Казакстандагы жарандык укуктарды коргоо жаатында иштеген санариптик укук боюнча адис Дана Маликова. Кытайда алдыңкы технологиялар бар, бирок анын Казакстанда кантип колдонулары суроо жаратат".
Жеке видеобайкоо системасын түзүү
Токаев акыркы жылдары өз өлкөсүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн санариптештирүүгө басым жасай баштады. 8-сентябрда парламентте сүйлөгөндө ал "алдыдагы үч жылда Казакстанды толук санариптешкен өлкөгө айландыруу" мүдөөсүн жар салды.
Стратегиянын негизги багыттарынын бири - улуттук IT-компанияларды өнүктүрүү. Токаевдин айтымында, мындай компаниялар мамлекетти чөлкөмдөгү технологиялык оюнчуга айландырууга көмөктөшөт. Казакстандык компаниялар буга чейин бир катар технологиялык өнүмдөрдү иштеп чыккан. Алардын бири - 2019-жылы негизделип, Санжар Бокаевди тааныган TargetEYE программасын иштеп чыккан Target AI.
Казакстандын ийгиликтүү технологиялык компанияларынын көбү адамдын жүзүн таануу, жасалма интеллект жана биометрикалык идентификация өңдүү тармактарда иш алып барат. Бул өз кезегинде өлкө боюнча жол кесилиштерине жана имараттарга орнотулган он миңдеген байкоо камералары топтогон маалыматтарды көбөйтүүдө.
Бул камералардын айрымдарын жеке компаниялар жана адамдар орноткон. TargetEYE өңдүү жасалма интеллектке негизделгендери гана мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп саналат.
Target AI компаниясы "Азаттыктын" казак кызматына технология жеткирүү менен гана алектенерин, андан кийин өнүмдү кандай колдонууну мамлекеттик органдар өзү чечерин билдирди.
"Көпчүлүк учурда биздин компания платформадагы техникалык функциялардын максаттары жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалыматка ээ эмес", - деп билдирди компания.
Компания өкүлдөрүнүн айтымында, платформа азыр Казакстандын сегиз аймагындагы полиция жана көзөмөл системаларына ылайыкташкан. Бул Target EYE системасын алдын алуу иштери жана ыкчам чара көрүү операциялары үчүн керектүү куралга айланткан.
Бирок бийликтин технологияны бүдөмүк максатта колдонуп жатышы Бокаевдин окуясынан кийин жоопкерчиликке байланыштуу суроолорду жаратты.
Өкмөттүн адамдарды көзөмөлдөөсү Target AI менен эле чектелбейт.
Астананын түндүгүндөгү Аккол шаарчасында сыноодон өткөн Smart Aqkol - "акылдуу шаар" концепциясынын казакстандык версиясы. Долбоор Казакстандын улуттук телекоммуникация компаниясы менен "Казахтелекомдун", тоо-кен компаниясынын жана мамлекет колдоо көрсөткөн Eurasian Resources Group менен жергиликтүү Tengri Lab технологиялык стартабынын ортосундагы келишимдин аркасы менен ишке ашууда.
Акыркы жылдары өкмөттүн видеобайкоо жаатындагы башка өнүмдөргө артыкчылык бергенинен улам бул моделге зарылчылык төмөндөгөн, ошондой болсо да ал Астананын улуттук технологиялык долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулуп жатканын ачык мисалы.
Дагы бир ата мекендик "Сергек" долбоору, башында Астананын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалма интеллекттин базасында маалыматтарды чогулткан система катары ишке кирген. Азыр аны колдонуу чөйрөсү кеңейип жатат.
Өкмөт бул долбоорлордун максаты - "акылдуу шаар" системасынын жардамы менен коомдук коопсуздукту чыңоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү экенин билдирген. Мүдөөнү ишке ашыруу үчүн полиция терминалдарына жана биргеликте мониторинг жүргүзүү боюнча ыкчам борборлорго жүздөрдү таануучу камералар туташтырылмак.
Бирок өкмөт бул маалыматтарды айрым бир максаттарга да колдонушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.
"Адамдын жүзүн таануунун тобокелдиги жогору - дейт Дана Маликова. Биометрикалык маалыматтар жарандардын өзүнө да, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна да каршы колдонулушу мүмкүн [эгер башка тараптардын колуна тийсе]".
Мамлекеттик программалар алкагында өлкө боюнча канча камера орнотулганы белгисиз. Бирок Алматы шаарынын акимияты шаарда аз дегенде 128 миң камера орнотулганын билдирген. TargetAIдын коммерциялык директору Дмитрий Панченконун айтымында, алардын баары системага туташтырылган.
Атырау облусунда 6000, ал эми Павлодар облусунда 5000дей камера системага туташкан. Жергиликтүү бийликтер алдыдагы үч жылда дагы 4200дөй жаңы камера орнотууну пландап жатканын билдирди.
Коргоо министрлигинен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришкендей, мекемеге караштуу мамлекеттик имараттарда 14 миң камера орнотулган. Видеомаалыматтар аскер бөлүктөрүндөгү серверлерде сакталат жана министрликтин айтымында, коопсуздукка байланыштуу эреже бузуулар катталган эмес.
Ички иштер министрлиги өлкө боюнча канча камера иштеп жатканы жана чогултулган маалыматтар кантип сакталып, эмне максатта колдонулары тууралуу суроолорго жооп берген жок. Мекеменин өкүлү видеомаалыматтар "заманбап ыкмалар" менен корголгонун жана азырынча коопсуздукка шек келтирчү коркунучтар каттала электигин гана билдирди.
"Ички иштер органдарына орнотулган бардык камералар коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтөт. Камералар интернетке кошулган эмес жана жабык контурда иштейт".
Казакстан Кытайдын жолун жолдойбу?
Бийликтер Казакстандагы видеобайкоолор системасынын өнүгүп жатканын мактап, анын пайдасы тууралуу айтып келет. Алар кылмыштуулук азайганын, ири шаарларда жол кыймылы жөнгө салынганын белгилешет.
Бирок Токаев 2022-жылы январда болгон кандуу окуядан кийин тартип бузуу көйгөйүн чечүү үчүн видеобайкоолорду көбөйтүүнү айтып келет. Бул башаламандыкта расмий маалыматтар боюнча, каза тапкан 238 адамдын басымдуусу жай тургундар болгон. Астана анда абалды жөнгө салуу үчүн ЖККУдан жардам сурап, орус аскерлерин киргизген.
"Кыскасы, ири шаарларга орноткон бул камералардын пайдасы гана тийүүдө", - деген Токаев 2022-жылдын февраль айында, нааразылык акцияларынан кийин.
"Камералардын санын көбөйтүү зарыл. Бул биздин жарандардын сары изине чөп салууну жана көзөмөлдөөнү билдирбейт. Бул алардын коопсуздугу", - деген ал.
Токаев Казакстан Кытайдын видеокөзөмөл системасы боюнча моделин кайталарын ачык айтпаса дагы бул жаатта иш алып барган кытайлык компанияларды мактаган жайы бар. 2019-жылы Кытайга сапары учурунда ал дүйнөдө видеокөзөмөл камераларын чыгаруу менен таанылган Hikvision компаниясына барган.
Казакстанда Кытайдын Hikvision жана Dahua компанияларынын өнүмдөрү кеңири колдонулат. Бул эки компания мамлекетке жарым-жартылай таандык. 2020-жылы АКШ бул экөөнө уйгурлар менен башка түрк тилдүү мусулман калктарга каршы репрессияларда Бээжинге жардам бергени үчүн санкция салган.
Эки компания тең камераларын"шектүү" адамдарды аныктап, алардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөй алары жана этникалык белгилерине карап адамдын жүзүн тааный аларын жарнама кылып келет.
Кытай компаниялары Казакстанда өз кардарларын тапканы менен Астана жана Бээжиндин кызматташтыгынын масштабы белгисиз. Өкмөттөр аралык келишимдер интернетте жарыяланган күндө да Кытайдын IT-компаниялары менен түзүлгөн келишимдердин шарттары, милдеттенмелери жана мөөнөттөрү тууралуу маалымат жашыруун бойдон калып келет.
Бирок Geedge Networks аттуу жеке кытай компаниясынын ачыкка чыгып кеткен 100 миңден ашуун документи Казакстан Кытайдан интернет-цензура жана аңдуу системаларын сураганын ашкере кылды.
Санарип криминалистика боюнча эл аралык изилдөө борбору InterSecLab бул маалыматтарды изилдеп чыгып, Казакстан Geedge Networks компаниясынын биринчи чет элдик кардары катары "Улуу Кытайдын файрволуна" окшош цензура системасын алганын билдирди. Бул система онлайн-маалыматты көзөмөлдөөгө, белгилүү бир сайттар менен VPN кызматтарын бөгөтөөгө жана белгилүү адамдарды интернет аркылуу аңдууга жол ачат.
InterSecLab жүргүзгөн анализге ылайык, буга чейин Казакстан өзүнүн телекоммуникациялык тармактарында коопсуздукту камсыздоо үчүн Орусиянын оперативдүү-издөө системасын колдонуп келген. Бирок Geedge Networks'ке байланышкан документтер "Казакстандагы аңдуу системасы Орусиядан эмес, Кытайдан келгенин далилдеп" турат.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (КНБ) "Эркин Европа/Азаттыктын" суроолорун Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигине жөнөткөн. Ал өз кезегинде InterSecLab'тын маалыматын "чындыкка дал келбейт" деп четке каккан.
Казакстандын санарип келечеги кандай болот?
Кытайдан алынган арзан жана заманбап жабдуулар Казакстанды каптап жатканда, өлкөдө башка дагы чет элдик компаниялардын өнүмдөрү колдонулууда.
Айталы, Швециянын Axis Communications жана Түштүк Кореянын Hanwha Vision компанияларынын жабдуулары. Астана жакында БАЭдеги мамлекет колдогон Presight AI стартабы менен келишим түздү. Компания Астанадагы жол кыймылын көзөмөлдөөчү "Сергек" системасын алмаштыруу үчүн тендерден утуп алган. Ал борбордо БАЭде иштелип чыккан программалык камсыздоого туташкан 22 миң жаңы камера орнотот.
Казакстандын ири шаарларындагы көптөгөн жаңы турак жайлардын кире бериштерине Face ID түзмөктөрү орнотулган. Тургундар анын жардамы менен үйдүн аймагына ачкычсыз эле кирсе болот.
Казак өкмөтү андан тышкары 2024-жылдын октябрь айында бардык негизги тармактарда борборлоштурулган улуттук биометрикалык идентификация системасын ишке киргизүү планын жарыялаган. Август айында Казакстан банктар жана микрокаржылык уюмдарды онлайн насыя берүүдөн мурда биометрикалык аутентификация жүргүзүүгө милдеттендирген.
Лондондогу Кингс колледжинин DIGISILK долбоорунун изилдөөчүсү Оюна Балдакова "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, майда-чүйдө маалыматтардын баарын борборлоштуруу бир катар ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Борборлоштурулган маалымат базаларын бузуу үчүн сырттан чабуулдар гана болбостон, июндагыдай күмөн саноону жаратат.
Маалымат базасы компанияларга же башка мамлекеттерге сатылып кетип, же жарандарга байкоо салуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
"Убакыт өткөн сайын топтолгон маалыматтардын көлөмү мамлекетке адамдардын жашоосуна кийлигишүүгө жана аларды көзөмөлдөөгө жол ачат, - дейт Балдакова. - Эгер натыйжалуу көзөмөл жана тең салмактуу система болбосо, бул олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн".
Эксперт Казакстанда шаарлар менен өлкөнүн алыскы аймактарынын ортосунда интернет байланышы начар же таптакыр жок болгондуктан санариптик ажырым сакталып жатканын белгиледи.
Өкмөттүн айтымында, учурда өлкөдө санарип системаларды түзүү үчүн жетиштүү инженерлер жетишпейт. Ошондуктан алар жасалма интеллект тармагына көбүрөөк чет элдик инвестиция тартууга аракеттенүүдө. Балдакованын пикиринде, Токаев сүрөттөгөн толук кандуу санарип мамлекетти түзүүгө азырынча "кудрет жетпейт"
"Ошол эле учурда мамлекет кайсы бир адамдарды көзөмөлгө алууда, - дейт ал. Алар мурдагыдай эле санарип систеамалар, интернет жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу байкоону уланта алат", - деди ал.
"Азаттык-Азия" даярдаган макала орус тилинен которулду