Кыргыз окурмандарынын көбүнө бул автордун чыгармалары тааныш эмес. Анткени кыргыз тилине которулган эмес. Ошентсе дагы социалдык тармактарда бул кабар жерде калган жок, адабият күйөрмандары арасында талкуу жаратты. Биринчилерден болуп Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев мажар калемдешине куттук айтты.
“Азаттыкка” курган маегинде Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев бул мажарлар үчүн эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө мааниси зор окуя болгонун белгиледи.
- Султан агай саламатсызбы. Азербайжан баш калаасы Бакуда жүргөн экенсиз. Оболу биздин угармандар үчүн маек курууга убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык. Мажар жазуучусу Ласло Краснахоркаи жана анын чыгармалары менен тааныштыгыңыз барбы?
- Мажар жазуучусу Ласло мырзанын сыйлык алышы жалпы эле түрк адабияты, түрк дүйнөсү үчүн чоң окуя болду. Мажарлардын тарыхый, руханий тамыры түрк дүйнөсү менен туташ. Ошондуктан биздин Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмуна мажарлар байкоочу катары катышып келүүдө. Ласло мырзаны сыйлык алышы менен куттуктап, кат жибердим. Анда мажар адабияты түрк дүйнөсүнө жакын экенин, ошого салым кошуп жатканын дагы белгиледим. Мындайча айтканда, бизге бир сөөм жакын элдин жазуучусу. Адабий чөйрөдө бул күтүүсүз жаңылык болду. Анткени көптөр башка эле ысымдарды болжоп, “лауреат болушу мүмкүн” деп жатышкан. Кимдер алышы мүмкүн дегенде Ласло Краснахоркаинин ысымы көп аталган эмес эле.
Жазуучунун чыгармалары тууралуу айтсак, Кыргызстандын адабий чөйрөсүнө көп деле тааныш эмес. Кыргыз тилине которулган чыгармалары жок. Ал эми орус тилине эки китеби которулган - “Каршылык меланхолиясы” ( Az ellenállás melankóliája. 1989-жыл) жана “Шайтандын бийи” (Sátántangó.1985-жыл) романдары. “Шайтандын бийи” романы боюнча көркөм тасма дагы тартылып, эл аралык фестивалдарда сыйлык алган жайы бар. Ласло мырза быйыл 71 жашта. Ал киши Нобел сыйлыгына ушунтип акырындап кадам таштап олтуруп жетти.
Өткөн жылы түштүк кореялык жазуучу Хан Гандын бул сыйлыкка ээ болушу дагы резонанс жаратты. Ага чейин 2012-жылы кытай жазуучусу Мо Ян, 2006-жылы түрк жазуучусу Орхан Памук алды. Нобел сыйлыгын ыйгаруудагы күтүүсүз окуяларды болушу дагы биз үчүн өтө кызыктуу. Биз күткөн, болжогон авторлор эмес, такыр күтүүсүз ысымдардын аталып калышы кызыктуу. Ошол эле маалда татыктуу жазуучулар алууда деп эсептейм. Албетте, бул романдарды кыргыз окурмандарына жеткирүү керек. Ласло Краснахоркаи жогорудагы эки эле чыгармасы үчүн эле эмес, жалпы романдарынын топтому үчүн алды. Европада, жалпы дүйнөдө белгилүү жазуучу. Мажарлар бул кишинин “гениалдуу жазуучу” деп аташат. Интеллектуалдык прозанын чебери. Мажар дүйнөсү менен дүйнөнү синтездеп, ошонун тереңдигин ачкан жазуучу. Адабий галактикасы өтө кеңири жазуучулардын бири.
- Султан агай, өзүңүз ТҮРКСОЙ уюмуна жетекчи болуп келгенден бери кыргыз адабиятынын өкүлдөрүн түрк дүйнөсүнө таанытуу үчүн түрк тилине, башка тилдерге котортуп, китептерин чыгарып жатасыз. Көп өлкөлөрдө ушундай Нобел, Букер сыяктуу абройлуу адабий сыйлык алган жазуучуларды дароо которушат экен. Ушул жааттан алганда кыргыз окурмандары дүйнөлүк адабияттагы жаңылыктан, тенденциялардан оолак калып жаткан жокпу?
- Туура айтасың, Айбек! Эгерде адабиятыбызды дүйнөлүк жараяндар менен тең катар жүрүп, өнүксүн десек, ушуга көңүл бурушубуз зарыл. Жыл сайын авторлорго сыйлык берилерин билебиз. “Нобел сыйлыгынын лауреаттарынын китепканасы” деген аталыш менен жыл сайын оперативдүү которуп, окурмандарды тааныштырсак болот эле. Биз дүйнөдөгү адабий чөйрөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп турушубуз керек.
Нобелдин сыйлыгын алган көпчүлүк авторлор кыргыз тилине которулган эмес. Албетте, котормо деген эми чоң өнөр эмеспи. Көрүнгөндүн эле колунан келе бербейт экен. Дүйнөлүк адабияттын үлгүсүн ошонун деңгээлинде которуу жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Бизде көркөм адабиятты которуу маданияты, элге жеткирүү саясатыбыз өтө төмөнкү абалда калган.
Ошондуктан дүйнөлүк шедеврлер менен өз маалында таанышпай калып жатабыз. “Темирди кызуусунда сок” дегендей, кызуусунда басып калышыбыз керек болчу. Кандай чыгарма дүйнөнүн эң абройлуу биринчи сыйлыгына ээ болду? Андагы идеялар, башка-башка маселелерди түшүнүп, талдай алышбыз керек.
Ошондуктан буга келгенде мамлекет дагы кызыкдар болуп, китептерди которууга көмөк көрсөтсө дейм. Нобелдин адабият жаатындагы биринчи лауреаты (1901-жылы) француз акыны Сюлли Прюдомдон (1839- 1907) бери санасак, 122 жеңүүчү болду. Менимче, бул авторлордун көпчүлүгү кыргыз тилине которулган эмес.
- Нобелге канадалык жазуучу аял Маргарет Этвуд, жапон жазуучусу Харуки Мураками көп жолу талапкер болгон эмеспи. Бул жолу сиз абройлуу сыйлыкты ким алат деп болжодуңуз эле?
- Чынын айтканда, жапон жазуучусу Харуки Мураками алат го деп болжогом. Абдан таланттуу жазуучу, жыл сайын көрсөтүлүп келет. Ошондуктан бул жолу ошол алса керек дегем.
- Нобелдин сыйлыгы тууралуу айрымдар “саясатташкан сыйлык”, “ал үчүн диссидент болуш керек” деген кеп-сөздөрдү угуп калабыз. Бул эми совет мезгилинен калган аң-сезимби же мындай пикирлерге эмне себеп? Негизи сыйлыкка тандоонун жол-жобосу кандай?
- Швед академиясынын негизги критерийи – адабияттын эстетикасы, сапаты. Адабияттын чыныгы таланттуу үлгүлөрүнө чоң акцент коюшат. “Диссиденттик адабиятты колдоп жатат” деп, кээде биз саясатташтырып да жиберген учурларыбыз болот. Мындай жарлык Пастернак, Солженицынга дагы айтылган эмеспи. Мунун канчалык чындыгы бар экенин айта албайбыз. Бирок бул кишилер дүйнөлүк адабияттын чоң фигуралары экени анык эмеспи. Нобел сыйлыгын ыйгарууда эч кандай саясатташпай, кайсыл бир артыкчылыгына карабай, нукура таланттуу кишилерге берүү жагы так айтылган.
- Кыргыз окурмандары мурда “Чыңгыз Айтматов алып калабы” деп күтсө, азыр сизден үмүттөнүшөт десек ашыкча кетпесем керек. Сыйлыкка негизи ким сунушташы керек? Сизди дагы сунуштагандар болуп жатабы?
- (Күлүп) Эми сөзүңө ыракмат, Айбек. Өзүмдү четке эле коюп турайын. Бирок Чыңгыз Айтматов тууралуу айтайын. Кээде биз ушундай артка кылчактап сүйлөгөн эл эмеспизби. “Айтматов эмнеге Нобел сыйлыгын албай калган?” деп бардык чөйрөдө талкуулап жүрөбүз. Чынын айтканда, Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөн же тизмеге киргендердин арасынан Айтматовдун ысымын кезиктирбейбиз. Балким, жаңылып жаткандырмын. Мен ошол “Эмнеге Айтматов бул сыйлыкка көрсөтүлгөн эмес” деп, азыркыга чейин күйүп-бышып, кейиген кишилердин биримин. Башкасын айтпаганда дагы эки чыгармасын – “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар бир күн” романын Нобелге толук татыктуу чыгармалар деп айтат элем.
Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтү” америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңизинен” эч кем калбаган, мыкты чыгарма эмеспи. "Айтматов Нобел алышы керек эле" деп көп сүйлөдүк. Бирок ошого аракет болгонбу же жокпу, ошого таң калам. 2008-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлери биригип, Айтматовду Нобелге көрсөтүү боюнча аракеттерди баштаган элек. Жалпы түрк дүйнөсүнүн атынан көрсөтөлү деген демилге болгон. Ал кишинин өзүнүн дагы мааракелик жылы болчу. Тилекке каршы, Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүп кетти.
- Сиздин чыгармалар бир топ тилге, анын ичинде англис тилине которулду. Китептериңизди англис тилдүү аудитория кандай кабыл алууда?
- Менин “Жанжаза” романым быйыл англисче “Castigation“ деген аталышта Нью-Йоркто жарык көрдү. Мындан 42 жыл илгери Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы АКШда басылган экен. Басылмалар ушуга да басым жасашты. Бир чети романымдын чыгышы Нобел сыйлыгын алганга эле тете болду. Анткени которулуп чыгышынын өзү өтө татаал жараян экен. Которуу эки жылга созулду. Курамы бир нече кишиден турган америкалык белгилүү адабиятчылардын, илимпоздордун элегинен өттү. Бир нече көз карандысыз эксперттер талкуулап, төрт баскычтуу талкуудан кийин анан татыктуу чыгарма деп басууга уруксат беришти.
Басылып тарагандан кийин АКШнын бир нече жеринде америкалык окурмандар үчүн талкуулар өттү. Автордун катышуусунда март же февралда Нью-Йоркто жолугушуу өтмөкчү. Ушул кезге чейин 25ке жакын англис тилинде макала, рецензия, пикирлер жазылды. Ушул жагы таң калтырды, анткени алар абдан активдүү экен. Азыр китеп “Амазон” маркетплейсинде сатылууда. Бул дагы жакшы көрсөткүч дешти. Анткени биз китепти руханий баалуулук катары карасак, алар товар катары карайт экен да. Сатылабы, соодасы болобу, сапаттуу товарбы деп. Андан сырткары ушул сыяктуу эле бир нече интернет дүкөндөргө сатыкка чыгарышыптыр.
Шерине