Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Бишкек мэри менен шаардык кеңештин саясий салмагы


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана шаар кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен. Архив сүрөт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана шаар кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен. Архив сүрөт.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен шаардык кеңештин депутаттарынын тиреши ачыкка чыкты. Бул ирет шаардык кеңештин жыйынына мэрдин катышпай кетип калганы нааразылык жаратты. Соңку учурларда жергиликтүү кеңештердин ролу төмөндөп, аткаруу бийлиги ага отчет бербей калганы талкууга түштү.

Бишкек шаардык кеңешинин 7-октябрдагы IX кезектеги сессиясында баш калаанын Муниципалдык инспекциясынын отчетун угууда айрым депутаттар менен инспекция жетекчиси Мирлан Таалайбеков кайым айтыша кеткен.

Депутат Казыбек Эргешов бул мекеменин ишине канааттанбаганын билдирип, шаардын көп жеринде дагы эле таштанды жатканын айтып:

"Жумушуңуздун натыйжалуулугу жок. Сизге чейин 30 млн сом өндүрүлгөн. Сиз келип, ишиңиздин жемиштүү экендигин социалдык тармактарга жигердүү чыгарып жатасыз. Иш жүзүндө болсо нөл", - деп билдирген.

Таалайбеков мындай пикирге макул эместигин айтып, соңку үч айда түзүлгөн протоколдордун саны 20% көбөйгөнүн белгилеген:

"Эгерде массалык маалымат каражаттары жакпаса, карабаңыз да".

Шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев, өз кезегинде:

"Мирлан Таалайбекович, токтоо жооп бериңиз, макулбу?", - деп аны тартипке чакырган.

Ошентип, Таалайбековдун жыйында өзүн алып жүрүүсү депутаттарды нааразы кылды.

Депутат Куванычбек Конгантиев Муниципалдык инспекциянын жетекчисинин депутаттарга мамилесин орой деп баалап, ага эскертүү берүүнү сунуштады:

"Мирлан Таалайбекович, мен сизден өтө суранам, сиздин депутаттык корпусту ачыктан ачык сыйлабаган мамилеңиз сиздин жетекчилигиңиз үчүн жакшы эмес. Андыктан сизден өзүңүздү карманышыңызды сурайм. Биз бул жерде жазалаш керек болгон айдоочулар эмеспиз. Биз бул жакка маселелерди чечүү үчүн келгенбиз. Депутат суроо бергенде так жооп бериңиз. Анан, сиздин “мен үч ай мурда келгем, мага чейинкилерине жооп бербейм” дегениңиз түпкүлүгүндө туура эмес. Сиз качан келгениңизге карабай, бүт орган үчүн жооп берүүгө милдеттүүсүз. Сессиянын атынан жетекчиге оозеки эскертүү берүүнү сунуштайм. Мирлан Кубанычбекович, сизден өтүнүч, түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүз. Өзүңүз байкап отургандай, бул этикасыз жүрүм-турум”.

Мунун алдында мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынынын башталышына катышып, андан кийин президенттик администрациядагы кышка даярдык боюнча иш-чараны себеп кылып чыгып кеткен болчу.

Депутаттардын муниципалдык жетекчиге сынына өз пикирин айткан мэр шаардык кеңештин депутаттары менен натыйжалуу иштешип жатканын билдирди. Жергиликтүү медиага сүйлөп жатып ал айрым депутаттардын сын пикирин майдачылык, жергиликтүү жетекчилерден жеке өчүн алуу катары сыпаттады:

“Айрым депутаттар ошол жерден майдаланып, өзүнүн убагында өчөшүп алган маселелерин чыгарып, ошол жерден өчүн алам деген аракеттери айрым депутаттардын... көтөрбөйт деп ойлойм. Себеби азыр депутаттар менен мамилебиз жакшы. Бишкек шаарынын депутаттары менен мамиле да жакшы, көптөгөн Бишкек шаарын өнүктүрө турган маселелерди ыкчам карап, чечимдерди чыгарып, бүгүнкү күндө биз жакшы ишти алып барып жатабыз. Бирок арасында ушундай айрым депутаттарыбыз бар, чыгып алып эле майдаланып...”.


“Жыйындан-жыйынга жүрүп, иштетпей жатасыңар”

Айбек Жунушалиев калаа башчысы болуп 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин да иштеген. Андан президенттик администрацияга кетип, 2023-жылдын октябрынын соңунда шаар башчылыгына кайра келген.

2024-жылдын ноябрында шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ишин декабрдан тартып баштаган. Кеңештин курамына алты фракция кирген.

Мэр менен Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын ортосундагы мамиленин чыңалуусу жыл башында да бир жаралгандай болгон. Январда бир нече фракциянын биргелешкен жыйынына катышкан Айбек Жунушалиев депутаттар шаар бийлигинин ишмердигине жолтоо болуп жатканын айтып нааразылыгын билдирген.

“14-январдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 19 жыйын болду. Мына, Бишкек шаардык кеңеши демилгечи болуп өткөргөн 19 жыйын. А күндү санагылачы – 16 күн. Мен айтпайын, ал дем алыш күндөрдү, башкаларды. Ошондо, суроо болуп атат да, менин кол алдымда иштеген орун басарларым, департамент жетекчилери – булар иш кылабы же силердин астыңарда отчет эле берип турабы? Мен айтып кетейин, 14-январдан баштап бүгүнкү күнгө чейин шаар боюнча бир да иш кылынган жок. Силер баарыңар чоңсуңар, баарыңар кыйынсыңар. СММщик кылып, мына бүт камералардын баарын бетке такап атасыңар. Баарыңар кыйынсыңар. Бирок, ишти ким кылат? Бир суроо да. Мен бүгүн келбейт элем, чынын айтайынбы? Эми фракция-фракция, башка фракциялар таарынбасын деп мен буга да келбейм дедим. Бирок, акыркы күндөрү аябай талкуу болуп, соцсетке катуу жар салып, “Жаңы-Күч” мына, мэрия жеп-жутуп, мүлктүн баарын жок кылганы атат” дегенинен мен алдыңарга келдим. Бүт компроматыңарды бүгүн чыгаргыла, алдыңарда жооп берейин. Уурдасам-жесем ушуну мага айткыла. Ушул жерде мени кетиргиле, колуңардан келсе", - деген Жунушалиев.

Мэр бир катар депутаттар өз таасирин колдонуу менен шаардын аймагынан коммерциялык жерлерди арзан баада ижарага алып, пайдага туйтунуп жатканын ортого салган.

Ал кезде “Жаңы-Күч” фракциясынын лидери Куванычбек Конгантиев мэр этика ченеминен аша чаап кеткенин эске салып, шаардык кеңештин депутаттарына карата сый мамиле кылууну талап кылган.

"Сиз азыр эмоцияңызды башкара албай жатат окшойсуз. Эгерде сизде депутаттарга карата кимдир бирөө укуктан тыш иштерди жасагандыгы боюнча шегиңиз болсо, укук коргоо органдарына жазыңыз. Алар юридикалык жана укуктук баа беришет. Азыр мен сизден өтүнөм, ушуну менен токтотолу. Сиз кандайдыр бир деректирлик үн менен бардыгыбызды кекээрлеп жатасыз. Сиз азыр сен-менге өтүп, эмне үчүндүр депутаттарды жемелеп кирдиңиз. “Жылдызбек, Максат”, бул эмне деген кайрылуу? Мен сизге эскертүү берем. Айбек Жанышбекович, депутаттарга карата мындай мамилени токтотушуңузду сурайм", - деп жооп берген Конгантиев.

“Талылуу жери бар депутаттарды каалагандай калчашат”

Коом арасында шаардык кеңеште курулуш, транспорт жана башка тармактардагы ишкерлер менен даражалуу аткаминерлердин балдары басымдуу экенин айтып келишет. Алардын шаар жетекчилигине кандайдыр бир көз карандылыгы, маселе чечүүдө кызыкчылыктар кагылышы алдыга озунуп кеткен учурлар көп болору белгиленет.

Коомдук ишмер, парламенттин мурдагы спикери Ишенбай Кадырбеков өз укуктарын тыңгылыктуу колдоно албаган депутаттар жалтак болот деген пикирде:

"Депутаттар өзүнүн укугун жакшылап окуп, өзүнүн регламентине жараша так иштесе мэр эч нерсе кыла албайт. Ар бир айтылган сөз, ар бир айтылган сунуш регламентке жана иштеп жаткан мыйзамдын негизинде, ошолордун беренесине таянып туруп айтылып, сунуш кылса же талап кылса, аткарбай коюуга мүмкүнчүлүгү жок. Эгерде аткарбай койсо, мэрияга, мэриянын ошо аткарбай койгон түзүмүнө кандай чара көрө ала турганы, ал дагы жазылган. Кимди тизмеге партияга киргизип атат? Кээ бир партиялар бир жылда, бат эле чогула калып, акчасы бар адамдарды, жакын кишилерди, мындайча айтканда, талылуу жери бар адамдарды тизмеге киргизип атпайбы. Талылуу жери бар адамдар кимдер? Акчасы бар, бизнеси бар – аларды шак эле кармап, “оңго бар, солго бар” дей турган күч бар да”.

Кыргызстанда 2021-жылы кабыл алынган жаңы Баш мыйзам боюнча бийлик вертикалы күчөп, президенттин башкаруусу алдыга чыккан. Ошондон бери өлкөдөгү парламенттин орду бир кыйла артка чегинген. Мындан улам Жогорку Кеңештин дарегине сын айтылып, бийлик бутактарынын тең салмагы үчүн “тиш кайрый албаган” мокок болуп кеткени айтылып келет. Президенттик администрация илгерилеткен көптөгөн мыйзам актылары депутаттардын элегинен тоскоолдуксуз өтүп кеткени, алар алешемдиктерге бай экендиги көп эле ачыкталып турат.

Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндөгү мыйзамга быйыл киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эки шаардын мэрлерин мындан ары шаардык кеңештин депутаттары шайлабайт. Аларды президент дайындайт жана бошотот. Мындай жобо мэрди президенттин алдында жооптуу кылып, шаардык кеңештин ролун бир кыйла артка сүрөт деп эсептегендер бар.

Жашылдандыруу, жол тыгыны, кышкы ыш жана мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү инфратүзүм менен камсыздоо маселелери борбор калаанын башкы көйгөйлөрү болуп эсептелет. Шаардын башкы планынын мөөнөтү быйыл бүтүп жаткандыктан анын 2050-жылга чейинки жаңы версиясы иштелип жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG