Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 10-октябрдан тартып бардык шайлоо тилкелеринде аралыктан добуш берүүгө ыңгайлашкан жабдууларды сыноо башталганын билдирди. Анда Бишкектеги ири соода жайлардын бириндеги текшерүүгө коомдук-сасий ишмерлер, журналисттер, жарандык активисттер күбө болгонун маалымдады.
"Тесттик добуш берүүгө катышкандар жаңы жабдыктар да, система да үзгүлтүксүз иштей турганын көрүштү. Системанын артыкчылыгы - шайлоочуларга дистанциялык добуш берүү үчүн шайлоо участогун тандоодо эркиндик берилет. Мындай тесттик добуш берүү Орусиянын беш шаарында - Москвада, Новосибирскиде, Красноярскиде, Екатеринбургда жана Иркутскиде да өткөрүлүп жатат", -деп жазылган маалыматта.
Быйыл 9-июнда кабыл алынган мыйзамга ылайык “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири – аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү болгон.
Онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Дагы караңыз
Шерине