Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Камчыбек Ташиев борборду Манаска которууну эл чечиши керектигин айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди.

“Манас шаарын борбор кылуу боюнча жетекчилерде, саясатчыларда ой жок. Бирок Манас шаары Кыргыз мамлекетинин борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Бирок азыр андай маселе эч жерде коюлган да, көтөрүлгөн да жок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлө турган болсо аны эл чечиши керек. Борборду которуу, атын өзгөртүүнү саясатчылар, кайсы бир жетекчи, топтор эмес, эл чечиши керек. Ал үчүн “Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу?” деп референдум кылса эле эл чечип коёт. Эл макул болсо коёбуз, макул болбосо койбойбуз. Бирок бул маселе азыр күн тартибинде жок. Мен өзүмдүн оюмду айтып жатам”, - деди Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо жөнүндөгү мыйзамга 17-сентябрда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алган.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн. Атайын кызматтын төрагасы Кыргызстандын башка аймактарында да өнүгүү болуп келатканын, кээ бир облустагы жергиликтүү бийликтер жакшы иштебей жатканын айтты.

Манас шаарынын калкы 184 миңден ашат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG