Казакстанда никеге мажбурлоого каршы кылмыш жазасы киргизилгенин "Азаттыктын" казак кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чара 16-сентябрдан тартып күчүнө кирди.
Кылмыш-жаза кодекси "никеге турууга мажбурлоо" деген берене менен толукталды. Мындай аракет кылмыш деп эсептелери, сот күнөөлүү деп тапкан адамга жазанын айыппул салуу, коомдук жумушта иштетүү же эркинен ажыратуу деген түрлөрү колдонулары белгиленди.
Айыппул өлчөмү 7,8 миллион теңге (14,5 миң доллар) болот, ал эми абак мөөнөтү эки жылга чейинки убакыт деп чегерилет. Кылмыш оор кесепетке алып келсе, зордук-зомбулук менен коштолсо, жашы жете электерге каршы, тобу менен же кызмат абалынан пайдалануу менен жасалса, анда 5-10 жылдык абак мөөнөтү берилет.
Ал эми Кылмыш-жаза кодексиндеги "Адам уурдоо" деген беренеден "эгер уурдаган адам аны өз ыктыяры менен бошотсо, анда кылмыш жообуна тартылбайт" деген норма алынды.
Кыздарды уурдап, никеге мажбурлап тургузууга каршы чара көрүү талабын бейөкмөт уюмдар көтөрүп чыгып, маселе парламентте каралган.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев ала качууну катуу айыптап, "жеткен караңгылык" деп атаган. (RK)
Шерине