Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Бишкек-Чүй: Мыйзамсыз курулуштар маселесин комиссия иликтейт


Көк-Жар конушу.
Көк-Жар конушу.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мыйзамсыз, талаш-тартыштуу курулуштарды иликтеп-териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түздү. Бул топко 1-ноябрга чейин мөөнөт чегерилип, маселени чечүүгө байланыштуу сунуштарды даярдоону тапшырды. Мындай чечим өткөн айда Көк-Жар-2 конушунун 172-контурундагы айдоо жерлерине салынган имараттарды буздуруу учурунда чыр чыккандан кийин кабыл алынган. Нааразылык кармап-камоо менен коштолгон эле.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, мекемелер аралык комиссия 25-августта түзүлдү. Анын курамына Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлиги баштаган тиешелүү орган, мекемелердин, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү кирди.

"Комиссияга ушул жылдын 1-ноябрына чейин жер мунапысынын талаштуу маселелерин териштирип, 2022-жылы жер амнистиясы жарыяланганга чейинки жана андан кийинки мыйзамсыз курулган объекттердин санын, жайгашкан жерин тактоо тапшырмасы берилди. Сунуштар 15-ноябрга чейин президенттик администрацияга берилиши керек",-деп жазылган маалыматта.



Бишкек мэриясы Көк-Жар-2нин 172-контурундагы 385 курулуштун теңинен көбү, тактап айтканда, 236сы мыйзамсыз экенин айтып, бул объекттер буздуруларын билдирген.

Шаар бийлиги бул аймакка жер мунапысы берилбесин, мыйзамга ылайык 2021-жылдын аягына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун белгилеген. Көк-Жардын бул контурундагы үйлөр 2021-жылдан кийин гана түшкөнүн маалымдаган.

Өткөн айдын башында Көк-Жардагы там-таштарды буздуруу башталганда чыр чыгып, бир канча адам кармалып, айрымдары кое берилген. Алардын арасында Бактыгүл Култаеванын дагы күйөөсү болгон. Култаева ошол тополоң чыккандан бери алардан эч ким кабар ала электигин, маселе кандай чечилерин билбей түпөйүл тартып отурушканын айтып берди:

"6-августта буздурууну баштап, тополоңдон кийин токтотушкан. Ошол боюнча эч нерсе жок. Комиссия түзүлдү деп жатышат, бирок андан эч кандай деле кабар жок. Бир нерсе кылуу дагы кыйын. Кокус дагы бир нерсени туура эмес кылып алсак эмне болот деп эле отурабыз. Кандайдыр бир сунуш болор деп күтүп жатабыз. Мектеп дагы башталып, балдарыбыздын окуусу менен дагы алагды болуп калдык. Бирөө-жарым келип бизге сунуш деле айта элек. Эми бир ай өтсүнчү деп ойлонуп коюп эле отурабыз. Күйөөм иштейт, мен болсо балдарды карап үйдө эле отурам".

Бул чырдан улам президент Садыр Жапаров дагы үн каткан. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мыйзамсыз тилкелерге турак жай салып, учурда үйү түрттүрүлүп жаткан жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берүүнү тапшырганын билдирген.

Бир канча жыл миграцияда жүрүп тапкан-ташыганына Көк-Жарда үй салган Бактыгүл Култаева алардын ипотеканы төлөөгө шарты жок экенин айтып жатат:

"Ипотека болгондо аны толугу менен биз өзүбүз төлөшүбүз керек да, туурабы? Ошонун жол-жобосун бизге эч ким түшүндүрбөй жатат. Бизди ал жакка кезексиз койгону үчүн гана эле жерибизди, үйүбүздү бошотуп беришибиз керек экен. Биз болгон тапкан-ташыганыбызды ушул үйгө жумшап салганбыз. Колубузда акча жок, жетпей калганынан насыя дагы алганбыз. Баштапкы төлөмүн дагы бере албайбыз, кийинкисин, ай сайын дагы төлөй албайбыз. Азыр биздин 1,5 миллион сомдук насыябыз бар. Айына 45 миң сомдон төлөйбүз".



Ички иштер министрлиги (ИИМ) Көк-Жардын 172-контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз үй курууга уруксат берген деген шек менен төрт кишини кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, тергөө башталган.

Жарандык активист, мурдагы муниципалдык кызматкер Мавлян Аскарбековдун пикиринде, мекемелер аралык комиссия ириде бир канча жылдан бери кыныгына алган жер мафиясын аныктап, жоюу жаатында көп иштерди жасашы керек:

"Мен Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп турганда бир топ мыйзамсыз үйлөдү сүрдүрттүргөн адам катары жер мафиясы тууралуу айткым келет. Мен иштеп турганда таштандыны кайра иштеткен жай курулчу жердин тегерек-четинин баарын, ошол жайга барчу жолдорду дагы атайын топтор басып алышкан. Ошондой топтор жерлерди басып алып, элге сатат. Жерди ала калып, дароо пайдубалын куя салгыла, кийин сүрдүртөбүз деп калса кенемте алып беребиз, мыйзамдаштырып беребиз деп убада беришет. Мына ушундай чоң махинациялар болгон. Бишкекте жер сатып кыныгына алган бир катар топтор, "дольщиктер, гектарщиктер, жер саткандар" бар. Ошолор 25 жылдан бери жерлерди өздөрү каалагандай сатып келди. Жер мафиясынын анабашчыларынын айрымдары Жогорку Кеңешке депутат болгонго чейин жетишкен. Айрымдары Элдик курултайга өкүл болуп шайланып келген. Булардын байланышы абдан күчтүү болгон. Буларды сот, прокуратура, атайын кызматтын өкүлдөрү калкалаган учурлар дагы болгон. Бул жерде өтө чоң акча айланган. Ошол жер сатууну түп-тамырынан бери иликтеп, териштирип, ошого баргандардын баарын камаш керек. Болбосо жер саткан учурлар токтобойт".

Ушул тапта жер-жерлерде, негизинен Чүй облусунда, Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат жана буга байланыштуу нааразылык чыккан учурлар дагы аз эмес.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, мындай учурларда коомчулукта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, там-ташы буздурулгандарга шарт түзүп берүү керектигин билдирген.


2021-жылы апрелде жер мунапысы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Анда ошол жылдын аягына чейин документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Бишкек мэриясы бул иштер быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлөрүн маалымдаган. Жогорку Кеңеште бул жараяндын мөөнөтүн узартуу сунушу айтылган.

Өлкөдө миңдеген гектар жер кагазда айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон конуш пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин колдон колго өтүп, сатылыап кеткен.

“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:11 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG