Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Кыргыз режиссерунун жаңы тасмасы Таллиндеги эл аралык фестивалга өттү


Фильмдин постери
Фильмдин постери

Кыргыз кинорежиссёру Аманбек Ажыматтын “Шерменделик карнавалы” аттуу толук метраждуу дебюттук көркөм фильми Эстониянын борбору Таллин шаарында 7-23-ноябрда өтө турган
Tallinn Black Nights Film Festival (PÖFF) фестивалынын дебюттук тасмалардын сынак программасына тандалып алынды.

Дүйнөдөгү эң абройлуулардын бири деп таанылган бул фестивалга тандалып алынган Backstage Madness (“Шерменделик карнавалы”) — чыгармачылыктагы эркиндикти самаган, продюсердин басымы менен криминалдык кино жазууга мажбур болуп, сценарийди каржылагандарга ылайыктап өзгөртүүдөн тажаган 70 жаштагы режиссердун окуясы тууралуу баяндаган тасма экенин продюсер Асел Жураева билдирди.

Тасма TAZAR кинокомпаниясынын базасында Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен тартылган.

Фильмден алынган кадр
Фильмден алынган кадр

"Фильм чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык
талаптардын кагылышын чебер сүрөттөйт. Буга чейин Аманбек Ажыматтын кыска метраждуу көркөм жана документалдык тасмалары дүйнөнүн бир катар эл аралык фестивалдарында көрсөтүлүп, өзүнүн өзгөчө визуалдык тили жана гуманитардык, социалдык темаларды ачып бергендиги үчүн жогору бааланып келген. “Шерменделик карнавалы” тасмасынын PÖFF фестивалынын программасына кириши — кыргыз киносунун өнүгүшүндөгү жана анын дүйнөлүк деңгээлге чыгуусундагы дагы бир маанилүү кадамдардын бири", - деп белгиленди маалыматта.

Tallinn Black Nights Film Festival (PÖFF) — Түндүк Европадагы эң ири кинофествал жана дүйнөдөгү “А” класстагы (FIAPF – Эл аралык кинопродюсерлер ассоциацияларынын федерациясы фестивалдарга берген эң жогорку категория) фестивалдардын бири. 1997-жылы негизделген бул фестивал жыл сайын 70тен ашык өлкөдөн жүздөгөн тасманы көрсөтүп, дүйнөлүк кино аренасында жаңы таланттарды коомчулукка таанытуу жана премьераларды өткөрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Шерине

XS
SM
MD
LG