Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

"Мен каршымын!" Өлүм жазасына коомдун пикири


мазмуну

  • Кыргызстандын бийлиги өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоору коомдук жана эл аралык талкууга түштү.
  • БУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдар бул кадам эл аралык укукту бузуп, өлкөнүн милдеттенмелерине каршы келерин эскертишти.
  • Укук коргоочулар Кыргызстандын сот жана укук коргоо системасы өлүм жазасын ишке ашырууга даяр эмес экенин белгилешүүдө.
  • Юристтер менен адистер өлүм жазасынын ордуна зомбулукту алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү сунуш кылууда.

13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыкты. Мыйзам коомдук талкууга чыккандан кийин жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.

БУУ баштаган эл аралык институттар, уюмдар Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскерткен.

Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору 13-октябрда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жүктөлгөн. Демилге 15 күн бою талкууланып, астында түрдүү пикирлер жазылган. Арасында каршы пикирдегилер көбүрөөк экенин көрүүгө болот.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

tatyanaiangelina:

Мен каршымын! Анткени ката кетирилип, күнөөсүз адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн! Өмүр бою эркинен ажыратылган адам күнөөсүз деп табылып, эркиндикке чыга турган болсо, түрмөдө отурган жылдары үчүн компенсация төлөнөт. Ал эми өлтүрүлгөн адамдын өмүрүн эч ким кайтарып бербейт!!!

Шаршенбек уулу:

Каршымын. Сот системасы кемчиликсиз өлкөлөрдө да жаңылыш чечимдер болот.

070717ismail:

Мен каршымын. Өмүр бою эркинен ажыратуу жетиштүү.

sybatkaax:

Эгер өлүм жазасын киргизип калышса, бизге ачык соттор, көз карандысыз маалымат каражаттары, бардык медициналык текшерүүлөр керек. Бул толуктоо элдин сотторго канчалык ишенбестигин көрсөтүп турат, бирок аны ишке ашырууга болот, айрыкча балдар жана аялдар үчүн.

"Мен каршымын". Өлүм жазасына коомдун көз карашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

Демилгеленген мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү 28-октябрда бүттү. Андан кийин документ Жогорку Кеңештин комитеттеринде талкууланууга тийиш. Талаштуу документтин тагдырын жаңы шайланган эл өкүлдөрү чечет.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы президенттик администрация даярдаган долбоорду талдап, корутундусун жарыялаган. Анда Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келери жазылган.

"1997-1998-жылдары ратификация болгон адам укуктары боюнча эл аралык 2-факультативдик протоколдор бар. Анан биз эл аралык милдеттенмелерибизди бузуп, Конституциябызды өзгөртүп алсак, эл аралык майданда Кыргызстандын өкүлчүлүгү, укук маселесине тиешелүү уюмдарга, мүчөлүгүнө, андан сырткары биздин эл аралык байланыштагы мамилелерге таасир берип калабы деген тобокелдик бар. Андан кийин бул өтө оор деген бардык кылмыштарга карата иштейби же бир гана зордук-зомбулук көргөн өспүрүмдөргө жана аялдарга карата кылмыштарга иштейби, мен азырынча бул маселелерге жооп таба алган жокмун", - дейт юрист Таттуубүбү Эргешбаева.

Ошол эле маалда укук коргоочулар Кыргызстандын сот системасы, кылмыш ишин тергөө, далил топтоо боюнча укук коргоо органдарынын иши өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес экендигин белгилешти:

"Биринчиден, биз укуктук нормалардан, стандарттардан баш тартып жатабыз. Экинчиден, өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда жаза, сот системасында коррупциялык тобокелдиктер аябай чоң. Ар кандай укук бузуулар боюнча Ички иштер министрлиги иш алып барганда деле кандайдыр бир жетишпегендиктер да. Бул деген системалык эмес ой жүгүртүү болуп жатат. Биз биринчи кезекте укук бузууларды алдын алуу же болбосо Ички иштер министрлигинин системасын жакшыртуу, кылмыштарды так изилдеп, күнөөкөрлөрдү таап, ошолор менен системалык түрдө иш алып баруунун ордуна жазага көңүл буруп жатабыз. Алыска караганда азыркы учурдагы мыйзам жакшы жыйынтык алып келет деп ишенбейм", - дейт укук коргоочу Рахат Шералы.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен киши колдуу болгон 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. Ал маселе эл менен кеңешилип чечилерин, жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп өлтүрүлгөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгилеген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө - биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек”, - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлигинин өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгеси эл аралык коомчулукун кескн реакциясын жаратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскерткен.

Адам укуктары жаатында иш алып барган эл аралык жети уюм: Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders кыргыз бийлигинин демилгесин кескин айыптаган билдирүү тараткан.

“Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы күрөшүү өтө маанилүү, бирок өлүм жазасын киргизүү аны чече турган жол эмес. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, катаал жазалар, анын ичинде өлүм жазасы да натыйжалуу чара эмес. Өлүм жазасын кайра киргизүү, тескерисинче, коррупциядан, жазасыз калуудан жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздыгынан жапа чеккен укуктук системада кыянатчылыктарды күчөтөт. Ал аз келгенсип, мындай кадам Кыргызстандын Конституциясын түздөн-түз бузат. Анткени анын 25-беренесине ылайык өлүм жазасына тыюу салынган жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин, атап айтканда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколун бузат. Бул документ аны ратификациялаган мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан, кандай гана жагдай болбосун, өлүм жазасын жоюуну талап кылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды ачууну, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге жасаганына жараша оор жаза берүүнү жана башка чараларды сунуштаган.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Өлүм жазасы саясий куралга айланабы? Дүйнөлүк тажрыйба
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG