"Мен каршымын". Өлүм жазасына коомдун көз карашы
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыгууда. Мыйзам коомдук талкууга чыккандан кийин жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирип чыкты. Ошондой эле БУУ баштаган эл аралык институттар, уюмдар Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскертти. Андан көрө сот адилеттигине жетүү керек деген сунуштар айтылууда.
Шерине