Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Ош шаарынын мурдагы казысына сот чечими чыкканы белгилүү болду


Мирланбек Токтомушев.
Мирланбек Токтомушев.

Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 120 миң сом айыпка жыгылганы белгилүү болду.

Мындай чечимди Ош шаардык соту 22-сентябрда чыгарып, Мирланбек Токтомушев Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.

Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош казыятында “мыйзамсыз акча чогултуу” фактылары аныкталып, “такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын” билдирген. Ал үй камагына чыгып, кийин кайра камакка алынган.

Мирланбек Токтомушев 2023-2025-жылдары Ош шаарынын казысы болуп иштеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG