Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Мамлекеттик дума армияга жыл бою чакыруу мыйзамын кабыл алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Мамлекеттик думасы армияга кызмат өтөөгө жыл бою чакырууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү жана акыркы окууда кабыл алды. Учурда аскерге апрель-июль жана октябрь-декабарда чакырышат.

Документте чакыруу электрондук реестрге жайгаштырылгандан тартып 30 күндүн ичинде аскердик комиссариатка баруу мөөнөтү бекитилген. Көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жибергендерге издөө жарыяланып, армияда кызмат өтөөдөн качып жүрөт деп саналат.

Мыйзам долбоорун думанын Коргонуу комитетинин төрагасы Андрей Картаполов жана анын биринчи орун басары Андрей Красов түзгөн. Алардын пикиринде, жаңы жобо «армияга чакыруу пункттарынын ишин тегиз бөлүштүрүүгө жана сапатын жакшыртууга салым кошот».

Быйылкы күзгү өнөктүк маалында 18-30 жаштагы 135 миң эркекти мобилизациялоо пландалууда. Мынча көп сандагы кишинин куралдуу күчтөргө чакырылышы Украинадагы согуш менен түшүндүрүлөт. Мыйзам армияга алынгандарды согуштук аракеттерге тартууга тыюу салганы менен эксперттер аларга кысым-басым жасалып, контрактка кол койдурушарын айтышат.

Жаңы мыйзам күчүнө кирсе армияга баруудан качып жүргөндөрдү каалаган убакытта кармап, өлкөдөн чыгууга, машина же батир алууга тыюу салынышы мүмкүн.


Шерине

XS
SM
MD
LG