Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:25

БУУнун комиссиясы: Орус аскерлери Украинада согуш кылмыштарын жасоодо


Дрон тийген турак үй. Киев, 26-октябрь, 2025-жыл.
Дрон тийген турак үй. Киев, 26-октябрь, 2025-жыл.

Орусиялык дрондор Украинанын жайкын тургундарына сокку уруп, адам өлүмүнө, жарааттарга, эбегейсиз кыйроолорго алып келүүдө. Мындай тыянакка Украинадагы окуяларды иликтеген комиссия келди. Алардын отчету дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясынын социалдык, гуманитардык жана маданий маселелер боюнча комитетине сунуш кылынды.

Ырааттуу жана координацияланган соккулар карапайым кишилерди, турак жайларды, гуманитардык жардам таратылган пункттарды, согуш шартында эл аралык гуманитардык укукка ылайык өзгөчө абалдагы тез жардам, өрт өчүрүүчүлөр бригадаларын бутага алат, - деп айтылат докладда.

Авторлор Орусиянын аскердик аракеттерин адамзатка каршы эки кылмышка теңесе болорун белгилешет. Биринчи кылмыш – калкты “өлтүрүү жана күчтөп көчүрүү”, экинчиси – орус аскерлери оккупациялаган жерлерден “карапайым элди депортациялоо жана көчүрүү”. Депортация маалында айрымдары кыйноого туш болгон.

Баяндама 500 видеонун анализине жана украиналык 226 киши менен маектешүүгө негизделген. 247 видеонун тартылган жери текшерилип чыккан.

Комиссия Орусиянын украин дрондору оккупацияланган аймактарда жарандык жайларга сокку урган деген арызын карады. Бирок ал жерлерге кирүү мүмкүн болбогондуктан, орус бийлигинен жооп ала албаганы үчүн жана күбөлөрдүн коопсуздугун ойлоп жыйынтык чыгара алган жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG