Бирок бул кызматташтык таза экономикалык кызыкчылыктарга гана негизделгенби же саясий таасир элементтери да барбы? Бул суроо азырынча ачык бойдон калууда.
27 миллиард доллардан ашкан портфель
15-октябрда Сауд Арабиясынын инвестициялар министри Халид ал-Фалих ондон ашык ири компаниянын жетекчилери менен Өзбекстанга келди.
Алардын арасында ACWA Power, Al Muhaidib Group, Vision Invest, Data Volt, Saudi Tabreed жана башка компаниялардын башчылары бар.
Президент Шавкат Мирзиёев бул сапарды “кызматташуунун жаңы баскычы” катары сыпаттап, Өзбекстандын экономикалык трансформациясына жана өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан саудиялыктарды жогору бааларын белгиледи.
“Акыркы жылдары биргелешкен аракеттерибиз менен эки тараптуу мамилелерди таптакыр жаңы деңгээлге көтөрдүк. Биргелешкен инвестиция портфели 27 миллиард доллардан ашты, соода жүгүртүү туруктуу өсүүдө, аба каттамдары жума сайын 63кө жетти. Мурда мындай көрсөткүчтөр болгон эмес”, - деди Мирзиёев.
Бирок “27 миллиард доллардан ашкан портфелдин” канчасы иш жүзүндө болгону, канчасы план деңгээлинде экени тууралуу расмий маалыматтар азырынча жок.
Президент Ташкентте курулуп жаткан жаңы аэропортту эки тараптуу кызматташуунун жаркын символу катары белгиледи. Ал Ташкент менен Эр-Рияддын мамилеси башкалар үчүн үлгү болушу керектигин да айтты.
“Өзбекстан 24” телеканалы Халид ал-Фалих “Өзбекстандын экономикасындагы өсүш бүткүл дүйнөгө үлгү болот” дегенин кабарлады. Бирок министрдин бул билдирүүсү жөнүндө Сауд Арабиясынын маалымат булактары же эл аралык маалымат каражаттары жаза элек.
Расмий кабарларга ылайык, Саудиянын инвестициялары негизинен жашыл энергия системаларына багытталууда. Мында негизги өнөктөш - Саудиянын энергетикалык гиганты ACWA Power компаниясы. Ал Өзбекстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Компаниянын Өзбекстандын жашыл энергия тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлоруна Эл аралык каржы корпорациясы акча бөлөт.
Борбор Азия - келечектүү базар
Экономика маселелери боюнча аналитик Алишер Илхамов Ташкент эмне үчүн Эр-Риядды ишенимдүү өнөктөш катары көрүп жатканы боюнча мындай пикирде:
“Сауд Арабиясынын болжол менен 3 триллион долларлык инвестициялык дарамети бар жана бул каражатты натыйжалуу багыттарга салууга кызыкдар. Борбор Азия алар үчүн келечектүү базарлардын бири. Өзбекстан үчүн Сауд Арабиясынын энергетика тармагына инвестиция салганы абдан ылайыктуу, анткени акыркы жылдары газ казып алуу көлөмү азайып, кен иштетүү татаалдашкан. Орусия менен кызматташтык натыйжа бербей жатат, айрым экологиялык көйгөйлөр да байкалууда. Ошондуктан президент Шавкат Мирзиёев Сауд Арабиясын тажрыйбалуу жана ишенимдүү өнөктөш катары көрүшү мыйзам ченемдүү”.
Сауд Арабиясы Өзбекстанда энергия тармагынан тышкары санарип экономика жана суу ресурстары сыяктуу тармактарда кеңири катышууда.
Data Volt компаниясы Ташкентте маалымат борборун куруу долбоорун баштаган, кийинки этапта Бухарада да ушундай борбор ачуу пландалууда. Miahona компаниясы болсо Фергана, Жызак жана Каракалпакстанда суу менен камсыздоо системасын өнүктүрүү багытында иш алып барууда. Saudi Tabreed компаниясы коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо боюнча макулдашууларга жетишкен.
Өзбекстандын президенти Сауд Арабиясынын компанияларын геологиялык чалгындоодон тартып, кайра иштетүү жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки бардык этаптарга катышууга чакырды
Айрым аналитиктердин пикиринде, Саудиянын Өзбекстандагы жигердүүлүгү Эр-Рияддын “Vision 2030” программасынын алкагындагы глобалдык саясий жана экономикалык стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Падышалык өзүн мунай экспорттоочу гана эмес, ислам дүйнөсүндөгү инвестиция борбору катары көрсөтүүнү максат кылган.
“Сауд Арабиясы - Перс булуңундагы мамлекеттердин кызыкчылыктарын чагылдырган ири оюнчу катары Өзбекстан жана Борбор Азия менен кызматташууну кеңейтүүсү эки тарап үчүн пайдалуу. Бул кызматташтык аймактын тышкы байланыштарын диверсификациялоого жана көп багыттуу саясат жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт. Албетте, келечекте шарият мыйзамдарына негизделген Саудиянын маданий таасири маселеси актуалдуу болушу мүмкүн, бирок азырынча бул мамилелер Өзбекстан жана жалпы Борбор Азиянын кызыкчылыгына кызмат кылууда”, - дейт талдоочу Илхамов.
Ислам Каримов президент болуп турганда Өзбекстан менен Саудиянын мамилеси негизинен диний жана маданий багытта калыптанып, инвестиция тууралуу билдирүүлөр декларативдүү мүнөздө болгон. Шавкат Мирзиёевдин тушунда диалог инвестиция тилине өттү.
2024-жылы Өзбекстандын энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов жергиликтүү телеканалга курган маегинде Саудиянын энергияны үнөмдөө жаатындагы тажрыйбасын жогору баалап, үлгү катары сыпаттаган.
Министрдин бул сөздөрү социалдык тармактарда сынга алынып, активисттер эки өлкөнү салыштыруу үчүн шарттар да ошого жараша болушу керектигин айтышкан.
“Тилекке каршы, Сауд Арабиясында жасалган иштерди азырынча Өзбекстанда ишке ашыруу мүмкүн эмес. Министр муну билет же билбейт, айтор, Өзбекстанда энергияны үнөмдөө багытындагы ар кандай аракеттер ажыдаардай бажы төлөмдөрү менен жазаланат. Урматтуу министр, эгер пикириңиз чын ыкластан болсо, анда энергияны үнөмдөөчү “А” жана андан жогору класстагы тиричилик, электр техникалары үчүн бардык бажы, тарифтик эмес чектөөлөрдү алып салуу маселесин өкмөткө алып чыгыңыз”, - деген экономист Атабек Бакиров.
Сауд Арабиясынын саясаты жана таасири тууралуу кыскача фактылар:
- Дүйнөлүк энергетика базарында маанилүү орду бар. Мунай жана газ экспортунун негизинде глобалдык экономикалык процесстерге таасир эте алат.
- Тышкы саясатын тең салмактуулук принциби менен жүргүзөт. АКШ, Кытай жана Орусия менен бир убакта тыгыз кызматташтыкты сактап келет.
- Дипломатиялык ролу да бар. Мисалы, Украинага байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөн жана аймактык билдирүүлөрдө катышууда.
- Башкаруу системасы - абсолюттук монархия. Эл аралык уюмдардын баяндамаларында саясий жана жарандык эркиндиктер чектелген мамлекет катары белгиленет.
Шерине