Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

Тажикстанда Исмоил Сомони мөңгүсүнөн масса эрип түштү


Исмоил Сомони мөңгүсү. Тажикстан, 27-октябрь 2025-жыл
Исмоил Сомони мөңгүсү. Тажикстан, 27-октябрь 2025-жыл

Тажикстанда Исмоил Сомони мөңгүсүнөн эрип түшкөн массадан улам кооптуу кырдаал жаралды. 25-октябрда коңшу өлкөнүн Тажикабад районунда ак кар, көк муздан бөлүнгөн масса капчыгайды басып, ылдый түштү. Тажик Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, узундугу 2 чакырым, бийиктиги 25 метр, туурасы 200 метрдей болгон масса эртең мененки 11де жылып отуруп, үч саатттан кийин токтогон.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо күбөлөр чокудан түшкөн мөңгүнүн узундугун 7 жарым чакырым, бийиктигин 50 метрдей масса деп сүрөттөшкөн.

Бактыга жараша эч ким жабыр тарткан жок, тажик бийлиги жеринде айыл-кыштактардын тургундарына коркунуч кайра туулушу ыктымал экенин эскертүүдө.

Тажикстанда 14 миңден ашуун мөңгү болсо, глобалдык климаттын өзгөрүшүнөн улам соңку 30 жылда миңден ашуун мөңгү эрип жок болду.

Коңшу өлкөдөгү Исмаил Сомони чокусунун бийиктиги 7595 метр. Азаттык чокусу - 7105 метр.

Кыргызстандын аймагында жети миңдик үч чоку бар. Хан-Теңири 7010 метр, Ленин 7134 метр жана Жеңиш чокусу 7439 метр болуп саналат.


Шерине

XS
SM
MD
LG