Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Сот Болот Темиров менен "Клоопту" экстремисттик топтордун катарына кошту


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул долбоорлордун ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.

Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген. Соттун чечимин ишке ашыруу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланышты жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.

Сөз болуп жаткан медиалардын өкүлдөрү соттун бул чечими боюнча комментарий бере элек.

Temirov Live жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Ал өзү “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, документи жараксыз” деген соттун чечими менен 2022-жылы Орусияга мажбурлап чыгарылган. Болот Темиров өзү жетектеген медиаларга Кыргызстандагы коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет.

Болот Темиров ким?

46 жаштагы Болот Темиров Кыргызстандагы таанымал иликтөөчү журналисттердин бири. Ал 1979-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.

Өзүнүн маектеринде төрт жашына чейин чоң энесинин колунда жүрүп, кийин Москва шаарында иштеген ата-энесинин колуна келгенин айтканы бар. Мектепти ошол жактан аяктаган. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде жогорку билим алган. Кесиби социолог. Кыргызстанга 2006-жылы кайтып келип, УТРКга жумушка орношкон. 2008-жылы президенттик администрациянын катчылыгына караштуу жооптуу кызматта иштеген. Кийин бир катар телеканалдарда, медиа уюмдарда иштеп, 2018-жылдан 2021-жылга чейин FactCheck.kg cайтында башкы редакторлук кызматты аткарды.

2019-жылдын соңунда ал жетектеп турган Factcheck.kg басылмасы Бажы кызматынын мурдагы орун басары Р. Матраимовдун байлыгын ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган.

Журналист онлайн троллдордун каралоосуна кабылганын жана анын веб-сайты (DDOs) хакердик чабуулга туш болгонун айтып чыккан.

2020-жылдын январь айында үч жигит көчөдө ага капыстан кол салып, катуу сабап кетишкен. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту кол салууга төрт кишини айыптап, ар бирин 2,5 жылдан эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулардын баары абакта отурган күндөрүнүн эсебинен жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелип, сот залынан бошотулган.

Бул опурталдуу окуядан кийин Темиров өз ишин токтотмок тургай, улантышы керек экенине мурдагыдан дагы бекем ишенип калганынын айтканы бар.

“Бул ишенич мага кол салышкан учурда келди. Ошол окуя дал ушул жолду тандашыма жана иликтөөлөрдү жасайм деп өзүмө өзүм сөз беришиме түрткү берген бурулуш болду”, - деп айтып берген "Азаттык" радиосу, "Клооп" OCCRP иликтөөсүндө.

2020-жылы Temirov LIVE долбоорун түптөп, ошол жылдын жайында алгачкы иликтөөлөрүн жарыялаган. Иликтөөлөр түшүндүрмө видеолордун форматында даярдалып, социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялана баштады.

2021-жылы Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайтын негиздеди. Сайттан каалоочулар ишканалар, фирмалар жеке жарандар бизнеске байланышкан маалыматтарды ала алышары айтылган.

Кылмыш иши, камакка алуу

Болот Темиров кармалган учурда жасалган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.
Болот Темиров кармалган учурда жасалган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы 23-январда Болот Темировду жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык милициясы камакка алган. Милиция журналистти кармоо учурунда анын кеңсесин тинтип, “жанынан маңзат табылганын” айтса, Темиров өзү “тартип сакчыларынын бири анын чөнтөгүнө сала койгонун” билдирген.

Темировго жана Назаровго алгач “Маңзатын жана психотроптук заттарды сатып өткөрүү жана даярдоо” деген берене менен иш козголгон.

Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Темировду өлкөдөн чыгарган сот чечими

Болот Темиров сот отурумдарынын биринде. 28-сентябрь, 2022-жыл
Болот Темиров сот отурумдарынын биринде. 28-сентябрь, 2022-жыл

2022-жылы 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Ал эми документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген. Прокуратура бул чечимге каршы арызданган.

Бул арыз 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралган. Темиров акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын калыстыкка чакырган.

Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Журналистти дароо сот залынан кармап, алып кетишкен. Соттук жараянда мурда Кыргызстандын паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 2008-2009-жылдары паспорт берүүнү жол-жоболору боюнча күбө катары сурак берген.

Temirov Live командасы тушуккан басым

Абактагы Махабат Тажибек жана Азамат Ишенбеков.
Абактагы Махабат Тажибек жана Азамат Ишенбеков.

Болот Темировдун жубайы, “Айт Айт Десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы жана бул медиа кызматташкан 11 журналист, активисттер 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган. Алардын арасынан алты жылга кесилген журналист Махабат Тажыбек кызы ушул тапта абакта жатат.

Болот Темиров өзү жана кесиптештерине жасалып жаткан аракеттерди бийликтин куугунтугу катары санап, коррупциялык иштерди ашкере кылганы үчүн катаал мамилеге дуушар болгонун айтып келет. Бир нече эл аралык жана медиа уюмдар кыргыз бийлигинин Temirov Live жана “Айт Айт Десе” долбоорлоруна карата бийликтин мамилесин айыптап келет.

“Клооп” басылмасынын баяны

2008-жылдан бери иштеп келе жаткан “Клооп” басылмасы бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Аны алгач жаш журналисттер негиздеп, кийин салмактуу иликтөөлөрдү жасаган медиага айланган. Порталдын журналисттери "Азаттык" радиосу баш болгон башка медиалар менен бирге бажы тармагындагы чуулгандуу иштердин бетин ачкан. Соңку жылдары Болот Темиров менен бирге бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 2023-жылдын 12-сентябрынан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп, Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик ушул эле материалга байланыштуу “Фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

Жогорку сот көз карандысыз "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу чечимин 2024-жылы 16-июлда кабыл алган.

Ал эми быйыл бул портал менен иштешкен бир нече журналист суракка чакырылып, эки кызматкери камакка алынган. Тагыраагы, басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды эки айга чейин камакка алган.

Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Алардан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган. Мындай өкүмдү райондук соттун судьясы Чолпонай Үмөталиева чыгарган.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

"Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жогорку соттун чечими "күтүлгөндөй болгонун" айтып, "эч нерсеге карабай иштей берерин" айткан.

Учурда “Клооп Медианын" сайты кыргызстандыктар үчүн жабык. Басылманын социалдык тармактагы баракчалары иштеп турган.

Медиа коомчулук, эл аралык уюмдар эркин маалымат каражаттарынын бири саналган "Клооп Медианын" жабылышын сөз эркиндигине басым-кысым деп сыпаттап келишет.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG