Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Прокурор "Клооптун" мурдагы операторлорун сегиз жылдан абакка кесүүнү сурады


Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 17-сентябрь, 2025-жыл.
Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 17-сентябрь, 2025-жыл.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, сегиз жылдан, ал эми басылманын эки эсепчисин алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Ишти караган судья кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Шектүүлөрдүн адвокаттары коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүндү.

Прокурор “Клооп Медиа” Кыргызстанда соттун чечими менен жабылганын, ушундан улам анда иштөө мыйзамсыз экенин белгилеп, “ага карабай басылма Кыргызстандын бийлигин каралоо жана коомчулукта башаламандык чыгарууга чакырган материалдарды жарыялап келген” деп билдирди. Ал айыпталуучулар “Клооп Медианын” тапшырмасын аткаруудан сырткары өлкөдөн күчтөп чыгарылган журналист Болот Темиров менен кызматташканын белгиледи.

“Клооп” 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумда Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров тергөөдө коюлган күнөөнү мойнуна алган мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышканын жазган.

Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду УКМК быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат.

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн. Бул иште “Клооптун” мурдагы кызматкерлери Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров жана үй камагындагы эки эсепчи шектүү катары өтүп жатат.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (KE)

Шерине

XS
SM
MD
LG