Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Сотто "Клооптун" ишин кароо уланып, күбөлөр суралды


"Клооптун" иши боюнча соттук отурум. Архив сүрөт.
"Клооптун" иши боюнча соттук отурум. Архив сүрөт.

1-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Клооп” басылмасынын ишине байланыштуу соттук отурум уланды. Отурумга басылманын мурдагы кызматкерлери абактагы Жоомарт Дуулатов, Александр Александров жана үй камагындагы эки эсепчи катышты.

Сот залында айыптоо тараптын бир катар күбөлөрү суракка алынып, алар Болот Темировду тааныбай турганын жана журналисттик иликтөөлөрдү ким жүргүзгөнүн билишпей турганын билдиргенин “Кактус” басылмасы жазды.

Ага ылайык, Клооптун журналисти Айдай Эркебаева сотко аны УКМКнын кызматкерлери бир жолу суракка алышканын, анда Болот Темиров менен тааныштыгы бар-жоктугун, иликтөөнү ким жүргүзгөнүн сураганын айткан.

Ал “өзү иликтөө жүргүзбөй турганын” айткан жана ага атайын кызматтын өкүлдөрү кайсы макалага кызыгып жатышканын тактаган эмес.

Дагы бир күбө Сымбат Баймурзаева “Клооп” басылмасынын медиа мектебинде координатор болуп иштегенин айтып берген. Ал УКМКга берген суракта эмнелерди айтканын эстебей турганын, ал маалда нес абалда болгонун жана эске тутуусу начар экенин билдирди.

Мындан тышкары дагы эки күбө суралган. Алардын бири беларусиялык Дарья Дайсенок Александр жана Жоомарт менен тааныш экенин, алар Бишкектеги барлардын биринде таанышканын айтып берген. Ал “Клоопто” эч качан иштебегенин, мекеменин ишмердиги тууралуу да билбей турганын билдирген.

"Клооптун" мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда "жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар" деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон.

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте "Клооптун" иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.

"Клооп" тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.

20-июлда "Манас" аэропортунда "Клооптун" мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.

Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн.

30-майда УКМК билдирүү таратып, "Клооп Медианы" "мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген" деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.

Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын "Чек арасыз кабарчылар" (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.

2024-жылдын сентябрында "Клооптун" сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG