Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

"Бардык тарапка ачыкпыз". "Асманды" кытайлык компания курабы?


"Асман" шаарын куруу боюнча меморандумга кол коюу.
"Асман" шаарын куруу боюнча меморандумга кол коюу.

Кыргыз өкмөтү “Асман” шаарын куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен кызматташа баштады. Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик кытайлык China Construction Company менен меморандумга кол койду.

Шаар куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө төрт жылдан ашса да курулуш иштери баштала элек. Буга чейин "Асман" долбоору башка инвесторлорго берилгени айтылган.

"Биз бардык тарапка ачыкпыз"

Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик кытайлык China Construction Company менен меморандумга Кытайдын борбору Бээжин шаарында 17-октябрда кол койгон. Мекеме бул боюнча буга чейин да сүйлөшүүлөр жүргөнүн, документ Asman City долбоорун ишке ашыруу үчүн заманбап технологияларды жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталганын билдирди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов буларга токтолду:

“Азыр меморандум гана түзүлдү. Кытайлык компания өзүнүн кызыгуусун гана билдирди. Алдыда дагы көп жумуш бар. Алар келип, бул долбоордун башкы планы менен таанышуусу керек. Ошондон кийин сунуштарын берет. Түзүлгөн документ азыр келишим эмес, меморандум. Бул жумушту улантабыз. Бирок биз муну менен эле чектелбейбиз. Буга удаа эле өзүбүздүн ички инвесторлорго да сунуштарды берип жатабыз. Дүйнөдө курулуш тармагында белгилүү Европадагы, Араб өлкөлөрүндөгү компанияларга да сунуштарды берип жатабыз”.

Бикулов мында куруучулар үчүн негизги талап экологиялык кызыкчылыктын корголушу экенин белгиледи. Ал "Асман" долбоору боюнча бардык тараптарга кызматташууга чакырык ташталып жатканы менен учурда меморандум түзгөн жалгыз компания China Construction Company экенин кошумчалады.

China Construction Company деген кандай компания?

Ачык булактардагы маалыматка караганда China State Construction Engineering компаниясы эл аралык алкакта China Construction Company катары белгилүү. Ал 1957-жылы мамлекеттик ишкана катары түзүлгөн жана учурда Кытайдагы эң ири курулуш компанияларынын бири.

Анын ишмердүүлүгү турак жай, кеңсе, мейманкана, спорт, билим берүү, медицина жана өнөр жай имараттарын курууну камтыйт. Ошондой эле көргөзмө жана конференция борборлорун, аэропортторду, жолдорду, көпүрөлөрдү, плотиналарды жана желдетүү системаларын курат. Эл аралык деңгээлде бир катар Африка жана Араб өлкөлөрүндө, Пакистанда, Бангладеште, Сингапурда, Малайзияда, Таиландда, Камбоджада, Вьетнамда, Орусияда, АКШда, Канадада, Аргентинада жана бир канча өлкөдө ишмердигин жүргүзөт.

Бул компания Асман шаарын курууга ниеттенген биринчи кытайлык ишкана эмес. Буга чейин 2024-жылы ноябрда кыргыз өкмөтү кытайлык CITIC Merchant компаниясы жана “Модуль Хаус” ишканасы менен келишим түзүп, быйыл апрелде бул документти жокко чыгарган. Кызматташуудан баш тартууга эмне себеп болгону ачык айтылган эмес.

"Кыргызстан үчүн инвестиция тартуу кыйын болду"

Финансист Арсланбек Кененбаев Кыргызстан үчүн башында шаар курууга инвесторлорду ынандыруу жана тартып келүү кыйын болгонун белгилеп, бул багытта кытайлык компаниялар менен кызматташуудан кайра тартпаш керек деген пикирин айтты:

“Алдыдагы он жылда Кыргызстан тездик менен өнүгөт. Муну кытайлык компаниялар көрүп турат. Алар кайсы бир жерге жөн жерден эле кире бербейт. Улуттук агенттикке ийгилик гана каалайбыз. Буга чейинки аракеттер ишке ашып кеткен жок. Себеби бул долбоор жүз миллиондогон долларлык болуп жатат. Кыргызстан буга чейин мынчалык чоң инвестицияны көргөн эмес. Катачылыктар кетет. Бул соода-сатыктай эле кеп. Алгач кардарларды кармай албайсың, кийин акырындан соода жүрүшө баштайт дегендей. Бул кадыресе процесс. Өкмөт инвестиция тартканга аракет кылып жатат, ошондой эле болушу керек”.

“Асман” долбоору сөз боло баштаган 2021-жылдан бери эле экологиялык жактан бардык талаптарга жооп берген шаар болору айтылып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2024-жылы Балыкчыга барган учурда да белгилеп, чет өлкөлүк өнөктөштөр жашыл шаар курууну сунуштап жатканын айткан. Президенттин сөзүнө караганда, шаардын курулушу ошондон он күндөн кийин башталмак.

Экологдор долбоор ачык жарыяланбаганына кабатыр

Кыргызстандын экологдору “Асман” экологиялык шаар болот деп айтылганы менен анын долбоору, техникалык негиздемелери ачык жарыяланбай жатканына кабатыр.

Эколог Анара Султангазиева Ысык-Көлдүн экологиялык зона экенин эске алып, долбоорлоо ачык жүрүп, талкууланышы керектигин айтууда:

“Биз экологдор башынан бери эле шаардын экономикалык-техникалык негиздемеси жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча негиздеме бергиле деп, ала албай жатабыз. Иштелип жатат дешти. Ал качан иштелип чыгат? Кийин коомдук талкууга чыгабы же чыкпайбы? Ушул нерсе бизди тынчсыздандырат”.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, “Асмандын” курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Бул компания кызматташууну улантып жатабы же жокпу, белгисиз. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, "Асман" шаары 500 миң кишиге ылайыкталат.

“Асман” кыргыз бийлигинин жаңы шаар куруу дымагынын алгачкы долбоорлорунан. Андан кийин Ош сити, Кемин сити сыяктуу программалар башталганы белгилүү болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG