Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ошто өрттөн каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди


Ош шаардык мэриясы тараткан видеодон алынган сүрөт.
Ош шаардык мэриясы тараткан видеодон алынган сүрөт.

Ош шаарындагы Орозбеков көчөсүндө орун алган өрт кырсыгынан каза болгон алты адамдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын атасы 23-октябрда эртең менен Түштүк Кореядан учуп келип, маркумдарды жерге берүү зыйнаты өттү.

Тажияга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов да катышып, үй-бүлөсүн жоготкон атага сабыр тилеп, көңүл айтышты. Маркумдардын жакындарына зарыл болгон бардык жардам көрсөтүлөрү белгиленди.

22-октябрда болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 үйдүн жертөлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те өрт чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр келгенде маркумдардын сөөгү күйүп кеткенин көрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен алты адам - 34 жаштагы келин жана анын беш баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон. Жолдошу Түштүк Кореяда иштеп жүргөн.

10-октябрда Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза тапкан.

Өрттөн каза болгондордун жакындарына президент Садыр Жапаров да көңүл айтып, тийиштүү жардам берилерин билдирди. Мындан тышкары өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG