Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

ИИМ Нарындагы жолго байланыштуу төрт киши кармалганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүнүн жолун жасоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу төрт киши кармалганын билдирди. Бул факты боюнча Нарын облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылымыш ишин козгогон.

Анын алкагында, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров, Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасынын башкы директору жана Жол куруу башкармалыгынын директору кармалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мунун алдында министрдин орун басары Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Амантуровдун кармалганы боюнча маалымат берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 31-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Камилжан Абдыкалыков Нарында подрядчы компания курулушту бүтүрө албай жатканын айткан.

Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган. Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.

Нарындын тургундары жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга кайра жазып чыккан.

Буга чейин “Азаттык” жалпы баасы 844 млн сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып жатканын, аталган ишкана Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илингенин жана жетекчиси эки жолу камалып чыкканын иликтеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG