Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Польшадагы тажик жазуучусу президент Рахмондон мекенине кайтууга уруксат берүүнү суранды


Польшада жашаган Шахобиддин Шуджо.
Польшада жашаган Шахобиддин Шуджо.

Европада баш калкалап жүргөн тажикстандык жазуучу, "Деваштич" басмаканасынын мурдагы жетекчиси Шахобиддин Шуджо президент Эмомали Рахмонго кайрылып, анын ишине кийлигишип, мекенине тынч кайтууга мүмкүндүк берүүнү суранды. 64 жаштагы жазуучу анын башына түшкөн бозгунчулук, Польшадагы катаал турмушуна кайгырып атып төрт ай мурдараак аялы, ага чейин карындашы каза болгонун, өзүнүн саламаттыгы азыр кыйын абалда экенин белгилейт. Тажикстандын жазуучулар союзунун мүчөсү кайрылуусунда ага экстремизмге байланыштуу иш ачылгандыктан мекенине кайтып барса камакка алынышы ыктымал экенин айтат.

"Мага каршы козголгон кылмыш ишине биздин басмаканадан чыккан бир нече китеп себеп болгон. Биз басып чыгарган китептердин көбү мамлекеттик саясатка шайкеш келген чыгармалар эле. Балким, шалаакылык кетирип, бир нече китепти байкабай чыгарып ийгенбиз", - деп билдирди Шахобиддин Шуджо "Озоди" радиосуна курган маегинде. Ал 2003-2016-жылдары "Деваштич" басмаканасын жетектеп турганда ал жерде 40тан ашуун китеп жарык көргөнүн билдирди. Азырынча анын кайрылуусу Тажикстандын президентине жеткен-жетпегени белгисиз.

2023-жылы Тажикстанда "Менин жашоомдун баяны" аттуу китептин авторлору, белгилүү жазуучулар Абдухалил Холикзода, Абдукадир Рустам, ал китепти басып чыгарган басмакана жетекчиси кошо узак жылдарга түрмөгө кесилгенде коомчулукта сөз эркиндигине басым катары кабыл алынып, кызуу талкуу жараткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG