Кыргызстан CASA-1000 долбоору боюнча 2027-жылдан баштап электр энергиясын экспортко чыгара баштайт.
Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин 17-сентябрында депутат Улугбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал долбоордун алкагында Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн иштин баарын 2024-жылы толук аткарып бүткөнүн, Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу проект созулуп кеткенин кошумчалады.
“Азыр Пакистан менен Ооганстанда иштер жүрүп жатат. Долбоор буюрса 2027-жылы ишке берилет. Кыргызстанда ушул тапта энергетика тармагын генерациялоо жумушары жүрүп жатат. Ошонун негизинде электр энергиясын экспорт кылууга мүмкүнчүлүк болот. Биз электр жарыгын жай мезгилинде гана экспорт кылабыз. Ушундан улам 2027-жылдары мүмкүнчүлүк болот. Долбоордон түшкөн акча менен алынган насыя төлөнүп, энергетиканы өнүктүрүүгө да акча түшөт”, - деди ал.
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы 2024-жылы ноябрь айында CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктаганын кабарлаган. Анын алкагында Кыргызстанда “Датка” көмөк чордонундагы ячейканын курулушу толук бүтүп, 1 243 электр мамысы орнотулуп жана 456 чакырымга зымдар толугу менен тартылган.
CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашырылып жаткан долбоор. Аны Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы каржылап жатат. Долбоордун суммасы 1,2 млрд доллар деп эсептелген.
Проект боюнча ага катышкан ар бир өлкөнүн электр тармактарын жаңылап, жаңы көмөк чордондорун жана жогорку вольттуу чубалгыларды куруу каралган. Электр чубалгылары Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын Согду облусуна карай өтүп кетет. Алар аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан жыл сайын жайкы мезгилде өздөрүнөн арткан электр энергиясын Пакистан менен Ооганстанга экспорттоп турат.
Долбоор негизи 2025-жылы аякташы керек эле.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 16-сентябрда эле Кыргызстандын энергетика тармагы эки жылдын ичинде кризистен чыгарын билдирди. Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түздү. Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан 4 млрд 3 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат. (BTo)
Шерине