Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат


"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан күз-кыш мезгилине Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан 4 млрд 3 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов 9-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Ал кайсыл өлкөдөн канча көлөмдө импорттолорун ачыктаган жок. Ысмановдун айтымында, буга чейин 3,8 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоого келишим түзүлгөн. Бирок керектөө көлөмүн эске алып, дагы кошумча келишим түзүлдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы Кыргызстан бир жылда 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын колдонорун айткан. Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улам чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 млн кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түзгөн.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG