Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

"Тыңчылык кылган". Стамбулдун мэрине жаңы айып тагылды


Экрем Имамоглуну колдоо акциясы. Стамбул, 26-октябрь 2025-жыл
Экрем Имамоглуну колдоо акциясы. Стамбул, 26-октябрь 2025-жыл

мазмуну

  • Стамбул мэри Экрем Имамоглу жаңы тагылган айыпты четке какты.
  • Имамоглунун шайлоо кампаниясынын жетекчиси жана оппозициялык телеканалдын редактору да айыпталууда.
  • Мэрди жүздөгөн тарапташтары колдоп чыгышты.
  • Журналисттер жана эл аралык уюмдар Имамоглунун ишин саясий "куугунтук катары" сыпатташат.

Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуна жаңы айып тагылды. Ал эми саясий тыңчылыкка күнөөлөнүп жатат. Мартта коррупция иши менен кармалган саясатчы июлда Стамбулдун прокурорунун "беделине шек келтирип, коркуткан" деген кине менен бир жыл сегиз айга кесилген. Имамоглу дооматтарды четке кагууда.  

Президенттин негизги оппоненти болгон мэрден тышкары жаңы иш боюнча анын шайлоо кампаниясынын жетекчиси Нежати Өзкан жана Tele 1 оппозициялык телеканалынын башкы редактору Мердан Янардаг айыпталып жатат.

Кабар агенттиктеринин жазганына караганда, саясий тыңчылык иши боюнча тергөө өткөн аптада башталган. Имамоглу быйыл июлда камакка алынган ишкер менен байланышта болгон деп шек саналууда.

Бийлик ал бизнесмен чет өлкөлүк атайын кызматтар менен иштешкен деп күмөн санайт.

Anadolu агенттиги мэр 2019-жылкы шайлоо кампаниясын каржылоого акча алып, ал үчүн калаанын тургундары тууралуу маалымат берип турган деп күнөөлөнгөнүн кабарлады.

Жекшембиде жаңы ишке байланыштуу сотто көрсөтмө берген Имамголу айыпты четке какканын жергиликтүү медиа жазды.

"Тыңчылык, менимче, чыккынчылыкка тете. Мен Римди өрттөсөм алда канча реалдуу болмок", - деп айтты Имамоглу.

26-октябрда саясатчынын жүздөгөн тарапкери сот имаратынын жанына чогулуп, ага колдоосун, тилектештигин билдирди:

Республикалык элдик партиянын мүчөсү Али Сачлы:

"Бул кадыресе тергөө эмес. Тыңчылык ишин башка эч нерсе табылбай калганда ачып отурушат. Мындан да эч кандай майнап чыкпайт", - деди.

Нааразылык акцияснын катышуучусу Гүржан Челик:

"Мэр Экрем бул өлкөнүн уулу, ал эч качан элине чыккынчылык кылбайт. Ошон үчүн ага ишенебиз, колдойбуз. Мындай жалаа менен аны сындыра алышпайт. Ал өлкөнүн президенти болот".

54 жаштагы Имамоглу Стамбулдун мэрлигине экинчи жолу былтыр шайланган. Ошондо бийликчил талапкердин жыдып калышын эксперттер президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясынын "эң ири утулушу" деп сыпатташкан.

Мэр 19-мартта оппозициялык Республикалык элдик партиянын 2028-жылы өтчү президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтүүчү ички тандоосуна бир нече күн калганда паракорлукка шек саналып кармалган.

22-мартка караган түнү жүз миңдеген киши көчөгө чыгып, Имамоглуну жана аны менен кошо кармалган жүзгө жакын саясатчыны, журналистти жана ишкерди эркиндикке чыгарууну талап кылган.

Түркиянын Юстиция министрлиги бул иш саясий мүнөзгө ээ эмес деп ырастоодо. Ал эми Стамбулдун мэри куугунтукту элдин эркине каршы сокку катары мүнөздөп, нааразылык акцияларына чыгууга чакырган.

Имамоглу камалгандан кийин анын ыйгарым-укуктары убактылуу токтотулуп, мэрдин милдетин оппозициялык партиянын башка өкүлү - Нури Аслан аткарууда.

Ал эми Республикалык элдик партия аны баары бир президенттик шайлоого талапкер кылып тандады.

"Элдин үнүн баса албайсыңар". Стамбулдун мэри менен кошо айыпталган журналисттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Имамоглудан тышкары жаңы иш боюнча анын шайлоо кампаниясынын жетекчиси Нежати Өзкан жана TELE1 оппозициялык телеканалдын башкы редактору Мердан Янардаг айыпталууда. Президенттин сынчысы катары белгилүү тажрыйбалуу журналисттин үйүндө жана иш кеңсесинде жума күнү тинтүү жүргөн.

Медиа каражат мамлекеттин убактылуу башкаруусуна алынып, бир миллиондон ашууну каталуучусу бар Ютубдагы каналы жабылды.

Стамбулдун прокуратурасы Янардаг телеканалды “кылмыш куралы”кылып пайдаланганын билдирди. Прокуратура ал Өзкандын көрсөтмөсү менен чет өлкөнүн атайын кызматы үчүн шайлоочулар тууралуу маалымат чогултуп, телеканалын да ошол эле максатта колдонгон деп эсептейт.

Янардаг кинени "чала токулган кутум" деп атады.

Журналисттердин кесиптик кошууну TELE1ди мамлекетке кайтарууну айыптап, муну эркин журналистиканы муунтуу аракети деп мүнөздөштү.

“Телеканалдын ишине тыюу салуу күнөөсүздүк презумпцияясы принцибин бузат жана көз карандысыз медианы жазалоо”, - деп билдирди Заманбап журналисттердин ассоциациясы.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо уюму (CPJ) Янардагды бошотууга, телеканалга тиешелүү чечимди жокко чыгарууга үндөдү.

Республикалык элдик партиянын лидери Өзгүр Өзелдин айтымында, “тыңчылык тууралуу акылга сыйбаган айыптоо” өкмөттүн башкача ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктоодо чектен чыккан чараларга даяр экенин далилдейт.

“TELE1 каналынын добушун бассаңар да элдин үнүн баса албайсыңар. Эмне кылсаңар да элди жеңе албайсыңар”, - деп жазды Х социалдык тармагына Өзел.

Быйыл Түркия "Чек арасыз кабарчылар” уюмунун медианын эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн арасынан 159-орунга жайгаштырылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG